Пример HTML-страницы

21 жаштагы Нурия өнөрүн киреше булагына айлантты. Ал бизнес долбоордун үстүндө иштеп жатат

TurmushОш облусунун Ноокат районунун Ай-Тамга айылынын 21 жаштагы тургуну Нурия Мансур кызы бала кезинен сүрөт тартууну өздөштүргөн. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде өнөрү тууралуу айтып берди.

Нурия Мансур кызы 2002-жылы мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал келечекте кол өнөрчүлөрдүн борборун ачууну кыялданат.

«Сүрөт тартууга эс тарткандан баштап кызыгып калгам. Бала бакчада жүргөн кезде эле сүрөт тартканым эсимде. Ал убакта аяз кызды жана башка ар кандай сүрөттөрдү тартчумун. Кийин айылыбыздагы М.Бостонбаев атындагы орто мектебине кабыл алынып, сүрөткө болгон кызыгуум күчөп, сүрөт сабагын аябай күтүп, берилген тапшырмаларды текшертүүгө шашчумун. Ошентип окуу менен кошо сүрөт тартууга, эмгек сабагына дагы кызыгып, кол өнөрчүлүккө басым жасап, чыгармачылыкка ооп кеттим. Момина Үсөнова аттуу мугалимим мага абдан көңүл буруп, шыгымды, талантымды баалап, үйрөтүп, ар кандай сынактарга катыштырган. Ал сынактарда байгелүү орундарга жетишкем. Ийгиликтериме себепчи болгон Момина эжекем.

8-классымда Ноокат райондук көркөм-эстетика мектеп-интернатына кабыл алындым. Ошол жактан өзүмдүн талантымды күчөтүп баштадым. Ал жакта жалаң таланттуу балдар-кыздар окушат. Предметтик сабактан тышкары бизге сүрөт сабагынан живопись, скульптура, көркөм кол өнөрчүлүктү кошумча үйрөтүштү. Ал учурда мени менен окуган балдар-кыздарга тең атааңдашып, жарышып окуп, дагы да өнөргө болгон шыгым артты. Ал жерде көптөгөн сынактарга катыштым. Мисалы, Л.Толстойдун 1000 жылдыгына карата сынакка, Казакстанда өткөн эл аралык сынакка катышып, алдыңкы орундарды алгам.

Мектепти аяктаган соң Оштогу окуу жайдын искусство факультетине тапшырдым. Окуу жайда да чыгармалыктын үстүндө иштедим. Билим алып, эркин темада ар кандай сүрөттөрдү тарттым. Ошондой эле Өзбекстандагы жеке көргөзмөгө катыштым. Быйыл да жакын арада көргөзмө болот, ага дагы катышууну пландап турам», — деди ал.

Жаш таланттын айтымында, сүрөт тарткандан эргүү алат.

«Тартуудан эч качан эринбейм. Сүрөт тартсам кадимкидей жеңилдеп калам. Мага живопись, пейзаж жанрларында иштеген жагат. Азыр көбүрөөк кол өнөрчүлүккө көңүл буруп жатам. Анткени живопись, пейзаж жанрларын үйрөнүп бүттүм. Студент кезимден эле 2-курстан баштап мугалимдерден, иш-чара өткөрө турган студенттерден ар кандай темадагы живопись жана пейзаж жанрдагы сүрөттөргө буюртма алып, иштеп баштадым. Негизи өзүм тарткан сүрөттөрдү сатуу оюма келген эмес. Тарткан сүрөттөрүм мугалим, студенттерге жаккан үчүнбү айтор тартып бер деген сурануулар көп болгондуктан сата баштадым. Эмгектеримди форматына, рамканын көлөмүнө жараша сатам. Мисалы, бир мечиттин сүрөтүн чоң форматта тартсам, аны чоң рамкага салып, даяр кылып берүү 2 миң сомго бааланат. Эмгектеримди өлчөмүнө жараша 1000-1,500 сомго сатам. Илхом келсе сүрөт тартууда көп убакыт талап кылынбайт. Бат эле тартып коём», — деди ал.

Ал келечектеги максаты тууралуу да айтып берди.

«Азыркы кезде жеке чыгармачылыгымды өнүктүрүш үчүн кол өнөрчүлүк менен иштеп жатам. Ар кандай баалуу, жылтырак таштардан, бисерлерден кооз сувенирлерди, таажыларды, ар кандай белектерди жасайм. Ошондой эле сайма менен улуттук баалуулуктарды сактап, кыргыз оймо-чиймелерине дагы басым жасап жатам. Алдыга койгон максаттарым чоң. Келечекте өзүмдүн чыгармачылык борборумду ачкым келет. Ошондуктан азыркы кезде өзүмдүн үстүмдөн көбүрөөк иштеп, өнүктүрүүнүн жолундамын. Буга ата-энем дагы колдоо көрсөтүп, жардам берүүгө даяр. Эмне жумуш кааласам, алар менен кеңешип, чогуу иш алып барам. Апам дагы кол өнөрчүлүккө жакын адам болгондуктан билбегенимди апамдан сурайм. Бул кол өнөрчүлүк тай журтумдан өткөн го деп калам. Анткени тайнемдер чебер болушкан экен», — деди ал.

Нурия киреше алып келген идеяны кантип ойлоп тапканына токтолду.

«Студентпиз, акчабыз жок, эмне кылышыбызды билбей отурдук. Анан бизге идея кокустан эле пайда болуп калды. Себеби тез арада чогуу окуган тайпалаш кыздар менен бир жакка барыш керек болчу. Ал жерде мугалимдер тарабынан бизге өзгөчө болуп келгиле деген тапшырма берилген эле. Эмне кылсак деп көпкө ойлонуп, издендим. Анан интернеттен карап, идея алып баштадым. Кийим тигип же башыбызга таажы жасаш керек болуп калды.

Алгач өзүмө таажы жасап көрдүм. Андан кийин башка кыздарга да жасап, барчу жерибизге тагынып барганбыз. Мага жанымдагы кыз жардам берип, 10 кызга таажы жасадык. Ошондон кийин бисер менен жасаган эмгектерим сатыла баштады. Ага көп убакыт талап кылынбагандыкта 500-700 сомго бааладым. Негизи көңүл буруп, шашпай жасасаң кооз болот. Ошого маани берип жасоо керек. Өзүмдүн кызуугум бар болгондуктан буюрта алып иштөө оңой эле болду», — деди ал.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE