Пример HTML-страницы

Жер алууну көздөгөн аравандык тургун 650 000 сомунан кол жууган

TurmushОш облусунун Араван районунда компаниянын жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош облустук ички иштер башкармалыгына Р.Я. аттуу жаран кайрылып, Араван районунун 41 жаштагы тургуну И.Х. жана Араван районундагы «Г.П.» ишканасынын жетекчиси Д.М.га чара көрүүнү суранган. Арыз ээси алар 2022-жылдын ноябрь айында Араван районунун Чарбак айылынан эки даана жер тилке алып берүүнү убадалап, 650 000 сом акчасын алып, жерден же акчадан дайын жок экендигин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган. Анын алкагында 2023-жылдын 27-февраль күнү кылмышка шектүү катары Араван районунун тургуну — 47 жаштагы Д.М. кармалып, РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү Д.М. жана анын шериги И.Х. жабырлануучуга жер тилке алып берүүнү убадалап, андан 650 000 сом алып, А.Анаров айыл өкмөтүнөн жер тилке ажыратып берүү жөнүндөгү токтомун беришкени такталган.

Ош ОИИБдин криминалистика кызматынын соттук кол жазма жана документтердин техникалык экспертизасынын корутундусунун негизинде аталган токтом жасалма экендиги аныкталган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) жана 379-беренеси (документтердин жасалмасын жасоо) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда.

Ош шаардык соту тарабынан баш коргоо чарасы тандалып, 1 айга камакка алынды.

Кылмышка шектүү 2017-жылы алдамчылык жана документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу беренелери менен 2 жолу соттолгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE