Пример HTML-страницы

Turmush: Жумамидин Сулайманкулов кызматка дайындалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси болуп Сулайманкулов Жумамидин Канатбекович дайындалды. Тurmush басылмасына 1-февралда белгилүү болгондой, дайындоо тууралуу буйрукка кол коюлган.

Буга чейин аталган бөлүмдү Азамат Жээнбеков жетектеп келген. Ал ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу өз каалоосу менен арыз жазганын мурунку жумада билдирген болчу.

Ж.Сулайманкулов мурда Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө башкы адис болуп эмгектенген. 2018-жылдын июль айынан тарта 2022-жылдын апрелине чейин «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директорунун орун басары кызматын ээлеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE