Пример HTML-страницы

Turmush: Сөөгү хан сарайдын короосунан табылган студент кыз: Соттук отурум дагы жылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында 22 жаштагы студент кыздын өлүмүнө шектелип кармалган 24 жаштагы А.Н.нын соту анын ден соолугуна байланыштуу кайра жылдырылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөө камагынан анын ден соолугу начарлап калгандыгы тууралуу тастыктоочу кагаз берилген. Мындан улам соттук отурум башка күнгө жылдырылган.

«А.Н. ооруп калган экен. Тез жардам да чакырылган. Тергөө камагынан ооругандыгы тууралуу тастыктаган кагаз берди. Соттук отурум 20-июлга жылдырылды», — деп айтылат маалыматта.

24 жаштагы А.Н.нын соту май айынын башынан бери бир канча ирет артка жылдырылып келет. Шектүүнүн тергөө иши аяктап, соту 11-майга Кара-Суу райондук сотунда дайындалып, өндүрүшкө алынган болчу.

Буга чейин Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 2022-жылы 8-февраль күнү Кара-Суу районунун Ишкаван айылындагы үйлөрдүн биринен 22 жаштагы кыздын сөөгү табылгандыгын кабарлаган. Кыздын өлүмүнө шектүү катары Ош мамлекеттик университетинин 24 жаштагы студенти кармалган. Шектүү алгачкы көрсөтмөсүндө өлтүрүлгөн кыз менен кыз-жигит мамиледе болгондугун айткан.

Милицияга Ош шаарына караштуу Кеңеш айылынын тургуну арыз менен кайрылып, 2000-жылы туулган кызы 2022-жылы 30-январда саат 09:00 чамасында үйдөн окуу жайга баруу үчүн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген. Дайынсыз жоголгон кызды табуу боюнча тергөө тапшырмалары берилип, тиешелүү багыттамалар бардык аймактарда жиберилген. Окуя боюнча күбө катары дайынсыз жоголгон кыздын жакындары, тааныштары суралган.

«2022-жылдын 30-январында саат 10:00 чамасында сүйлөшүп жүргөн кызым Т.М. менен жолугуп, аны менен өзүм жашаган үйгө келдик. Анан ошол жерде экөөбүз сүйлөшүп отуруп, чырдашып кетип, урушуп кеттик. Ошондо менин ачуум келип, аны үйдөгү аш бычак менен сайгылап өлтүрүп салдым. Андан соң анын өлүгүн үйдүн жанына көмүп, сырткы кышкы кийимдерин, сумкасын сыртта жайгашкан ажатканага ыргытып жибердим. Анан ошол күнү окууга бардым да, эртеси 31-январда Өзбекстандын аймагына өтүп, ошол жактан Россияга учуп кеттим», — деп билдирген ал.

Шектүүнүн көрсөтмөсүнүн негизинде 8-февраль күнү саат 18:00 чамасында Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагына караштуу Ишкаван айылындагы үйдүн короосуна кароо жүрүзүлүп, үйдүн түндүк тарабы менен короонун дубалынын ортосунан болжол менен 35-40 сантиметр тереңдикте казылган чуңкурда дайынсыз жоголгон кыздын жансыз денеси казылып алынган. Өлүк дене ташталган чуңкур топурак менен көмүлүп, үстүнөн курулуш материалдардын таштандылары менен жашырылган абалда болгон. Шектүү өлүктү көмгөн жерди жактоочунун катышуусунда көрсөтүп берген. Өлүктү кароо учурунда анын денесинин үстүңкү бөлүгүндө 9 даана курч миздүү буюмдан келтирилген дене жаракаттары бар экендиги аныкталган.

Кылмышка шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-биологиялык, соттук-медициналык, соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалган болчу.

  • Айрым маалыматтарга караганда, маркум кыз Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде билим алып жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE