Пример HTML-страницы

Сузак районуна үчүнчү даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Акыркы жанылыктар

TurmushСузак районуна үчүнчү даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, 20-апрелден 24-апрелге чейин жааган жамгырдан улам Сузак районунун Барпы, Кызыл-Туу,Сузак айыл өкмөттөрүндө турак жайлардын королорун сел суулар каптаган. Көк-Арт дарыясында суунун дээңгели көтөрүлүп, бир топ аймактарга кооптуулук жаратканды үчүн Сузак районуна райондук Жарандык коргоо башчысынын буйругунун негизинде 3-даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Учурда селден жабыркаган жергиликтүү тургундардын турак жайлардагы сел суулар мотопомпанынын жардамында сордурулуп коопсуз жайга чыгарылууда. Сел сууга агып келген мал жандыктардын, үй канаттууларынын өлүгү тийешелүү кызматтар тарабынан заласыздандырылып, айыл ичин дезинфекция иштери жүргүзүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен атайын инженердик техникалар тартылып, сел каналдарда тазалоо жумуштары башталды.

————————————————————————

Буга чейин 22-апрелде Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Курук-Сай айылында сел жүрүп, турак жайларды каптаганы кабарланган.

Облустун Базар-Коргон, Токтогул райондорунда, Жалал-Абад шаарынын айрым аймактарында кыска аралыкта жаап өткөн жаандан айрым ички көчөлөрдү сел каптагандыгы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан аныкталып, кыйроолор жана адам өмүрүнө коркунуч болбогондугу аныкталган.

21-апрель саат 23:00гө алынган маалымат боюнча, Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Курук-Сай айылында катталган селдин кесепетинен 45 турак жайдын короолорун суу каптап, 4 турак үйдүн ичине сел киргендиги такталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE