Пример HTML-страницы

Москва районунда тоют чөптүн баасы кандай болуп жатат?

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 5-февралда Чүй облусунун Москва районундагы базарда кышкы тоют чөп 240 сомдон сатылып жатат. Тоют чөп 10 сомго арзандаганын тургундар билдирди.

Ар айдын жекшемби күнү райондун борбору Беловодск айылында мал, жайма жана чөп базар болот.

«Учурда Беловодск айылында бир аз жамгыр жаап, айлананы туман каптап турат. Ошондой шартка карабастан кышкы тоюттун түрлөрүн унааларга жүктөгөн сатуучулар жана кардарлар да арбын. Анда беде чөбүнүн таңгагы өткөн күндөрдөгүдөн 10 сомго арзандап, 240 сомдон, саман 100-120 сомдон, ал эми жүгөрү силосунун тоннасы 5500 сомдон сатылууда», — дешти тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE