Пример HTML-страницы

Кыргызстандын хоккей боюнча кыз-келиндер курама командасы россиялык ырчынын клибине тартылган

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Суу районундагы «Шапак» хоккей клубунун кыздары 27-28-январь күндөрү Нарын облусунда өтчү турнирге кызуу даярданышууда. Бул тууралуу машыктыруучу Саламат Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага катышуу үчүн 13 окуучу кыз даярданып жатат.

«Биздин клубда жан дүйнөсү менен хоккейди сүйгөндөр ойноп келет десем болот. Команданын ишин улантуу үчүн кандай кыйынчылыктар болсо да жеңип келебиз. Кыздар россиялык ырчы Манижанын клибине тартылышкан. Бул да шык берүүдө. Ошондой эле клипти көргөн Россиянын жарандары колдоо көрсөтүп, бирдиктүү форма салып жиберишиптир. Жакында эле 2 коньки салып жиберишти. Жаңы форма жана коньки менен Нарында өтчү турнирге барабыз. Ийгилик багындыруу үчүн тынымсыз аракет көрүп жатабыз», — дейт ал.

Белгилей кетсек, россиялык ырчы Манижанын клибине кыздар эки жыл мурда тартылган. Анда Азиядагы аялзатына болгон тоскоолдуктарга карабай жеңишке жетип, максатын орундаткан өспүрүмдөрдүн ийгилиги камтылган. Манижанын клиби 2022-жылы жарыкка чыккан.

Команданын курамы:

1. Саламатова Сезим;

2. Колеева Эльвира;

3. Абдыманапова Айпери;

4. Абдыманапова Айтунук;

5. Карыбаева Баелина;

6. Абдрахманова Сауле;

7. Нурдинова Карина;

8. Бейшембекова Айдана;

9. Шекенова Самира;

10. Абдрахманова Даяна;

11. Жумакадырова Айтурган;

12. Нурдинова Айсулуу;

13. Абдыманапова Аяна.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE