Пример HTML-страницы

Кара-Көлдө жашылчалардын баасы кандай болуп жатат?

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Көл шаарында 1 килограмм ашкөктүн баасы 650 сомдон 800 сомго чейин болуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кечээ, 25-февралда шаар аймагында чоң базар өтүп, ага Кара-Көл шаарына жакын жайгашкан шаар, шаарча жана райондордон соодагерлер келишти. Базарда ашкөк таңгак менен эмес, килограммдап сатылды. Буга чейин анын 1 таңгагы 20 сомдон сатылып жаткан. Айрым жерлерде таңгакталган ашкөктүн баасы 40 сомдон 50 сомго чейин болду.

Базардагы баа:

— 1 таңгак көк пияз — 40 сом;

— сельдерей — 30 сом;

— петрушка — 30 сом;

— картошка — 30-35 сом;

— пияз — 45 сом;

— сабиз — 25 сомдон 40 сомго чейин.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE