Пример HTML-страницы

Гүлдөгөн түрдүү гүлдөрдүн жыты Чүй өрөөнүн каптады

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй өрөөнүндө түрдүү гүлдөр кезектешип гүлдөп жатат.

«Быйыл жаздын сууктугуна байланыштуу Чүйдүн бардык өсүмдүктөрү кечирээк жана дээрлик бир убакта гүлдөдү. Таңга маал гүлдөгөн өсүмдүктөрдүн жыты буркурайт. Кечинде алардын жыты жел менен шаарга чейин жетүүдө», — деди тургундар.

«Бардык жерде сирень гүлдөп жатат. Айта кетсек, Чүй өрөөнүндө 20дан ашык сорту өсөт. Алма жана данектүү дарактар да гүлдөдү. Газондордо жана жол боюнда каакымдар гүлдөп, нарцистер гүлдөрүн ачууда. Өрүк менен бирге магнолия сыяктуу экзотикалык өсүмдүктөр да гүлдөй баштады. Жалпысынан 250дөн ашык өсүмдүктөрдүн түрү жаз бою кезектешип гүлдөп, жыты менен кубандырып жатат. Гүлдөө май айынын аягына чейин, Чүй өрөөнүнө аптаптуу жай келгенге чейин уланат», — дейт экология боюнча адис Александр Сосновский.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE