Пример HTML-страницы

Ат-Башыда Казыбек казалчынын 120 жылдык мааракеси белгиленди (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районундагы Босого жайлоосунда Казыбек казалчынын 120 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, бул иш-чарага республиканын бардык аймагынан атайын меймандар келишкен. Анда кыргыз эстрада ырчыларынын гала концерти, акындардын Казыбек казалчынын даңазаланган ырлары жаңырып, спорттук иш-чаралар, улуттук буюмдардын жана улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү уюшулуп, кыргыздын боз үйлөрү катары менен тигилди. Мындай саамалыктар ушул жылдын аягына чейин уланып, республикалык алкакта дагы иш-чаралар өткөрүлөрү айтылды. Мааракеде өткөрүлгөн улуттук даамдардын, көл өнөрчүлөрдүн, боз үйлөр сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырды.

Сынакка катышкандардын кол эмгектери атайын түзүлгөн комиссиянын кароосунан өтүп, 1-2-3-орундар ыйгарылды. Алсак улуттук тамак-аштардын жана кол өнөрчүлөрдүн сынагынын жеңүүчүлөрүнө орундарга жараша 3 миңден 7 миң сомго чейинки сыйлыктар берилди. Ал эми «Жасалгалуу боз үй» сынагына катышкан 17 боз үйдүн ичинен төртөө тандалып алынды. Алгачкы 3 орунга 7 миңден 10 миң сомго чейин, ал эми баш байгеге Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмү ээ болуп, 50 миң сом сыйлыкка татышты. Ошондой эле акчалай сыйлыктар улуттук спорттук оюндардын жеңүүчүлөрүнө дагы берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE