Пример HTML-страницы

Алайда 7 жаштагы бала унаанын алдында калып каза болгон. Айдоочу камакка алынган жок

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Алай районунда жол кырсыгынан каза болгон 7 жаштагы баланын ата-энеси укук коргоо органдарына арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, баланы унаасы менен сүзүп кеткен айдоочу камакка алынган жок. Анын унаасы айып короого токтотулуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

«Баланын ата-энеси арыз жазуудан, сөөктү экспертизага берүүдөн баш тартышты. Андыктан айдоочу камакка алынган эмес. Тиешелүү экспертизалар дайындалган», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Turmush кырсык 6-июнь күнү Алай районун Сары-Таш айыл аймагындагы Сары-Таш—Кара-Мык унаа жолунун 2-чакырымында болгонун жазган. Чоң-Алай районунун тургуну — 1979-жылы туулган А.К өзүнүн «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, 2016-жылы туулган А.А.ны сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен А.А окуя болгон жерде каза болгон.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, 2022-жылы облус аймагында жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда болгон жол кырсыктарынан 74 өспүрүм жаракат алып, 10 өспүрүм каза болгон. 2023-жылдын башынан бери 82 жаш өспүрүм жол кырсыктан жабыркап, алтоо каза болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE