Пример HTML-страницы

Жумгалдын эки айыл аймагында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгалдын Чаек жана Көк-Ой айыл аймактарында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалды. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Маалым болгондой, жергиликтүү кеңештерге шайлоо 9-апрелде өтөт.

Чаек айыл өкмөтүндө 21 мандат болсо, Көк-Ой айылында 11 мандат бар. Бул аймактарда депуттардын мөөнөтү аяктап калган.

Жергиликтүү кеңешке депутаттар 4 жылга шайланышат.

Чаек айыл өкмөтүндө 8089 шайлоочу болсо, Көк-Ой айыл өкмөтүндө 2034 шайлоочу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE