Пример HTML-страницы

Жайлоодо 5 балалуу келинди күйөөсү чачынан сүйрөп, керебет сүздүргөн. Окуянын жагдайлары

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук соту аялын ур-токмокко алган адамга карата өкүм чыгарды. Тиешелүү чечим 2022-жылы 19-августта кабыл алынды.

  • Айыпталуучу Шермат (аты өзгөртүлдү, А.Ш.Ш.) 1981-жылы 16-августта Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Теңги айылында туулган. Орто билимдүү, убактылуу эч жерде иштебейт, үй-бүлөлүү, 5 баласы бар, мурда соттолгон эмес. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси (ден соолукка жеңил залал келтирүү) менен айып тагылган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, айыпталуучу Шермат 2022-жылдын 2-июлунда саат 18:30 чамаларында Теңги айылында жайгашкан Сары-Көл жайлоосунда жубайы Маралды (аты өзгөртүлдү) «дарбызды атама ооз тийгизип койсоң болмок» деп эч себепсиз чачынан кармап, керебетти сүздүрүп, ур-токмокко алган.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу менен Марал жеңил жаракат алганы аныкталган.

Сот отурумунда Шермат күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Анын айтымында, Марал экөөнүн ортосунда 5 баласы бар. Окуя болгон күнү ачууга алдырып койгон. Себеби кызы кичүү баласынын колун күйгүзүп, кокустатып алган. Ал кылган ишине өкүнүп жатканын, материалдык чыгымды төлөп берүүгө макул экенин, жабырлануучу менен элдешүү аракетин көрөрүн билдирип, жеңил жаза берүүнү суранды.

Ал эми жабырлануучу Маралдын көрсөтмөсү боюнча, Шермат менен бир үй-бүлө болуп жашап, акыркы учурларда айыпталуучу тарабынан зомбулук көрүп келген. Аталган окуя жайлоодо болгон. Өзүнүн жумуштарын жасап жатканда күйөөсү мас абалда келип, тээп, чачынан сүйрөп, керебетти сүздүрүп, ар кайсы жерине ургулаган. Чачы түшүп, денеси көгөргөндүктөн ооруканага кайрылган. Ошондой эле жактоочу жалдап, 18 174 сом чыгымга учураган.

Ал айыпталуучуну кечирбегенин айтып, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранды.

Жыйынтыгында Шермат күнөөлүү деп табылып, 40 саатка коомдук жумушка тартылды. Ошондой эле жабырлануучунун пайдасына 18 174 сом өндүрүү көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE