Пример HTML-страницы

Талас шаарында маданият кызматкерлери аттестациялоодон өтүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарында маданият кызматкерлери аттестациялоодон өтүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, министрликтин 2022-жылдын 21-октябрындагы «Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин системасынын кызматкерлерин аттестациялоонун тартиби жөнүндө» жобого ылайык, 2023-жылдын 14-март күнү А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде маданият министрлигинин системасындагы билим берүү, театр, оюн-зоок мекемелеринин, клуб, музей, китепкана, маданият үйлөрүнүн кызматкерлери белгиленген графиктин негизинде аттестациялоодон өтүүдө.

Аттестациялоо 2022-жылдын декабрь айынан тартып, 2023-жылдын март айынын аягына чейин болмокчу. Жалпысынан министрликке караштуу 12 миң 64 кызматкер аттестациядан өтүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE