Пример HTML-страницы

Сүлүктүдө шаардык билим берүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы менен мэрия соттошууда

Акыркы жанылыктар

TurmushСүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Абдибахап Исмановдун мэрияны сотко берип, кайрадан соттон жеңип чыкканына нааразычылык айтылды. Сүлүктү шаарынын депутаты Айнура Акматова менен Сүлүктү шаардык мэриясынын башкы адиси Айткүл Ибрагимова бул боюнча АКИпресс-Баткенде маалымат жыйын өткөрүштү.

Сүлүктү шаарынын депутаты Айнура Акматованын айтымында, билим берүү тармагында көп жылдан бери мыйзамсыз иш-аракеттер аныкталып, бирок чара көрүлбөй келет. Буга чейинки мэр да шаардык билим берүүнүн мурдакы башчысын тарабынан мыйзамсыз иштерин аныктап, сотко кайрылган.

«Сүлүктү шаарынын мурдакы билим берүү башчысы Абдибахап Исманов 2008-жылдан бери иштеп келсе, ошол жылдан бери мыйзамсыз аракеттер болуп келет. Мөөнөтү өткөн тамактар берилгени боюнча иш козголгон. Иштебен мугалимдерге айлык акы берилгени боюнча мыйзамсыз иш жасаган.

Мындан сырткары мектептерге көмүр алынганда ар дайым сапатсыз көмүрлөр түшүрүлөт. Тендерде дайыма бир тууган эжеси жеңип чыгат. Эгерде башка фирмалар утса мүмкүн сапаты жакшы көмүр түшмөк. Ушулардын баарын аныктап, факты менен мурдакы мэр да сотко, прокуратурага кайрылган. Дайыма сот ал тарапка чечип берет. 2022-жылдын январь айында азыркы мэр Максат Кадыркулов Абдибахап Исмановдун мыйзамсыз иштеринин негизинде жумуштан бошоткон. Бирок ал сотко кайрылып, кайра ордуна келүүнү көздөп жатат. Биз президентке кайрылабыз, ушундай билим берүү бөлүмүн өзүнүн менчигине айлантып, туугандарын жумушка алып, өтүлбөгөн сабактарга акча өндүрүп жүргөн кызматкерге чара көрсүн. Сот кайра ишке алуу боюнча жыйынтык чыгарса анда сотко да ишенбөөчүлүк көрсөтөбүз. Азыр эми айлык акы көтөрүлүп, талап күчөтүлсө, мындай кызматкерлерге орун бербеш керек», — деди Акматова.

Сүлүктү шаардык мэриясынын башкы адиси Айткүл Ибрагимованын айтымында, прокуратура мурдакы жетекчи иштебеген 14 кызматкерге 253 миң сом айлык акы алып, мындан сырткары жыл сайын мыйзамсыз акчалай сыйлык алып жүргөнүн аныктаган.

«2017-2018-жылы Сүлүктү шаарынын мэрия кызматкерлери жана депутаттарынын арызынын негизинде прокуратура иш козгогон. Штатта жок 14 кызматкерге 253 миң сом айлык акы төлөнүп берилгендиги такталып, андан тышкары 201 миң 567 сом өлчөмүндө мыйзамсыз сыйлыктар берилип келгени аныкталган. Ошондо 454 миң 567 сом зыян келтирген. Мыйзамсыз иш-аракеттер үчүн кылмыш иш козголуп, айып пулга жыгылган. Андан кийинки текшерүүдө 73 миң 500 сом айып пул салынып, аны башкы адиске күнөөлөп койгон», — деди Ибрагимова.

Ал эми бурдакы билим берүү башчысы Абдибахап Исманов бул айтылгандарды четке какты.

«Бул жерде мени иштен кетирүү максаты болуп жатат. Мурдакы мэрдин жанында жүргөн айрым кызматкерлер азыркы келген мэрлерге ар кандай ушак кептерди айтып, мени иштен алдырышты. Мыйзамсыз деп эсептейм. Менин иштен алынышымды коллегияда отуруп уктум. Токтомду мага беришкен жок. Мэр менин ишим менен таанышкан да жок. Келип бир жолу бала бакчаны же мектептерди карабай туруп мени иштен айдап жатат.

Ооба, эсеп жагынан мүчүлүштүктөр кеткен. Бирок учурунда кайра өндүрүп берген учурлар болду. Бирок азыр бизде мыйзам бузулган учур же билим берүүдө тайкы маселе жок. Андыктан мэр адилет караш керек. Эми эле келип биздин иш аракеттерибиз менен таанышпай туруп иштен алганы туура эмес.

Мен январь айынан бери иштебей жатам. Сотко кайрылдым. Сот 29-апрелде мен тарапка чечип берди. Анда иштебеген учурлардагы айлык акымды төлөп берүү, кайра кызмат ордума отуруу, ошондой эле моралдык чыгым деп 5000 сом өндүрүү каралган», — деди Абдибахап Исманов.

  • Учурда Абдибахап Исмановдун ордунда убактылуу жетекчи иштеп жатат.

Ал эми мэриядан мындан ары облустук сотко кайрыларын маалымдашты.

«Биз ротация болуп, жаңы эле келдик. Көп жылдан бери коррупциялашкан билим берүүгө көңүл буруп, иш билги кызматкерлердин келишин талап кылдык. Анткени ал жерде мыйзамсыз аракеттер болуп келет. Билим берүү акыркы 5 жылда эң төмөн жыйынтык менен иштеп жатат. Алтын сертификат алгандар же олимпиаданын жыйынтыктары канааттандырбайт.

Мындан сырткары коррупция күч. Андыктан биз шаардык сотко ишенбөөчүлүк көрсөтөбүз жана мындан ары облустук сотко кайрылабыз», — деди Сүлүктү шаарынын вице-мэри Динара Жунусова.

Сүлүктү шаарында 9 мектеп 7 бала бакча бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE