Пример HTML-страницы

Ош шаарында Түркиядан кайтып келген куткаруучуларды тосуп алышты. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүндө Ош шаарында Түркиядан кайтып келген куткаруучуларды тосуп алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын командиринин милдетин убактылуу аткаруучу Бакыт Алыкеевдин айтымында, Оштон Түркияга Баткен, Таш-Көмүр жана Ош шаарларынан жалпы 59 куткаруучу жана эки куткаруу ити жөнөтүлгөн.

«Ал жерде куткаруучулардын эмгеги чоң болду. Сегиз адам тирүү табылды. Баса белгилесек, 13 күндөн кийин жанагы 3 адамды кыргызстандык куткаруучулар тирүү тапты. Куткаруу кызматы бир объектиге бөлүндү эле. 13 күн ичинде адам баласы тирүү табылат деген үмүт жок эле да. Куткаруучулар моралдык, психологиялык жактан туруктуу. Түрк эли бизди узатканда, аябагандай жакшы узатты. Шарттар, баары түзүлгөн. Жатакана, тамак-аш кенен болду. Бир гана түрк эли чоң жоготууга дуушар болду», — деди Алыкеев.

Ал Түркиядагы ураган турак жайларды көргөн адам катары курулуш иштерине тыкыр көзөмөл жүрүү керек экенин баса белгилеп кетти.

Түркияга жардам берүүгө 182 адам жөнөтүлгөн. Алардын ичинде 6 дарыгер, 5 боз үй тигүүчү адам бар. Калгандары — куткаруучулар.

Кыргызстандык куткаруучулар жер титирөө болгон аймактарда уранды алдынан 8 адамды аман-эсен алып чыгышкан, ошондой эле, 198 адамдын сөөгүн табышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE