Пример HTML-страницы

Ош шаарында 2 мектептин жаңы имараты жана 3 бала бакча пайдаланууга берилди. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында жаңы окуу жылынын башталышына карата 2 мектептин жаңы имараты жана 3 бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкарбек Пайзиев билдирди.

Анын айтымында, 2 мектептин жаңы имараты менен 75 орундуу бала бакча республикалык бюджеттен, 2 бала бакча жергиликтүү бюджеттен каржыланды.

Пайдаланууга берилген мектеп, бала бакчалардын тизмеси:

— Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгындагы №27 Партсъезд атындагы мектеп-гимназиясынын 500 орундуу кошумча окуу корпусу;

— Жапалак айыл аймагындагы Курманжан датка мектебинин 225 орундуу окуу корпусу, спорт залы менен кошо курулду;

— Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгындагы 100 орундуу «Бөбөк» бала бакчасы;

— Кеңеш айылындагы 100 орундуу бала бакча;

— Ак-Тилек кичи районунун 5-көчөсүндөгү 75 орундуу бала бакча.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE