Пример HTML-страницы

Миллиондогон акчага курулган Ысык-Көлдөгү ири мечит кыйроо алдында турат (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

Turmush2016-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Кыргызстандагы эң чоң мечиттердин бири пайдаланууга берилген. Арадан саналуу жылдар өткөнү менен ал кыйроого учуруп жатканын тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, дубалдар урап, мечиттин ичи көгөрүп жатат. Мунун баары мечиттин пайдубалы начар курулгандыгы менен байланыштуу экендиги айтылууда. Ушундан улам ага келген жашоочулар коопсуздугуна чоочулап жатышат.

Мечиттин ичине болжол менен 5 миңге чукул адам батат. Ага чет элдик жарандар демөөрчүлүк кылып, миллиондогон акчалар жумшалган. Курулуш иштери атайын жалданган компания аркылуу жүргүзүлгөн. Бирок демөөрчүлөр курулуш жумуштары аяктагандан кийин өздөрүнүн нааразычылыктарын билдиришкен.

Азырынча облустагы дин өкүлдөрү расмий маалымат бере элек.

Буга чейин Turmush басылмасы 2016-жылдын 27-майында Каракол шаарында эң чоң мечиттердин бири ачылгандыгын жазган.

Ачылыш аземине Кыргызстандын Кувейттеги, Мароккодогу, Иорданиядагы элчиси Жусупбек Шарипов, Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын башчысы Саид Баюми, жергиликтүү бийликтин өкүлдөү, тургундар катышкан. Мечиттин курулушу 2014-жылы башталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE