Пример HTML-страницы

Кочкордун Кара-Күнгөй айылынын тургуну Замир Алдаяров эл аралык көркөм окуу сынагында 3-орунга ээ болду

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районунун Кара-Күнгөй айылынын тургуну Замир Алдаяров түрк тектүү мамлекеттердин «Кыш чакырыгы» аттуу эл аралык онлайн кароо-сынагында көркөм окуу номинациясы боюнча 3-орунга ээ болду.

Сынак 2023-жылдын 5-январынан 7-январга чейин өткөн. Сыйлык тапшыруу аземи жакында Кочкор райондук маданият үйүндө өтүп, эл аралык сынактын Орто Азия боюнча координатору Дилара Мырзакматова тапшырды.

«3 мүнөттүк көркөм окууга бир нече күн дыкаттык менен даярданып, видеотасманы кароо-сынактын уюштуруучуларынын белгилеген графигинен кечиктирбей, убагында жиберүүгө үлгүрдүм. Натыйжада көркөм окуу номинациясы боюнча 3-орунга ээ болдум. Мен Сүйүнбай Эралиевдин «Жоголгон жана табылган дүйнө» аттуу глобалдык экология боюнча таасирдүү ырын көркөм окудум», — деди ал.

Замир Алдаяров 2021-жылы Түркия мамлекетинин Анкара маданий клубу уюштурган «Күз жаңырыгы» аттуу эл аралык онлайн сынагында кол өнөрчүлүк боюнча катышып 2-орунга ээ болгон.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE