Пример HTML-страницы

Э.Касымова «капканга» түшүп калганын унутпайт

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — 34 жаштагы Эльвира Касымова. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы таанышты.

«Мен Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Көк-Ойрок айыл аймагындагы Тегирменти айылында төрөлгөм. Учурда Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда үй-бүлөм менен жашайм. 2005-жылы мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биоэкология бөлүмүндө окуп, артыкчылык диплом менен аяктадым. Андан ары билимимди жогорулаткым келип, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика бөлүмүнө магистратурага бардым. Башталгыч класстын мугалими адистигин окуп, ийгиликтүү аяктап, диплом алдым. Ата-энемдин бул кесипти тандоомо көрсөткөн салымы зор. Азыркы учурда Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу №82 жалпы билим берүү орто мектебинде башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенем», — деди ал.

Эльвира Касымова эсинен эч кетпеген окуясын айтып берди.

«Бишкек шаарында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 1-курста окучумун. Сабактан кийин жээнимдин чакан кафесинде кошумча каражат табуу максатында иштейт элем. Кычыраган кыш мезгилинин акыркы февраль айы эле. Мени менен чогуу иштеген кыздар көп болчу. Күндөрдүн биринде жээним: «Тиги балдар менен чогуу иштеген кыздын үйүнө барып, чакырып берип койчу» деп суранып калды. Мен дароо макул болуп, алардын унаасына отурдум.

Алып кача турган кыздын дарегине жеткенде, унаа токтобой өтүп кетти. Ошол жерде эки көзүм аңырайып, эки жакты карайм. «Кыздын жашаган жерине жеттик го. Унааны токтотпойсуңарбы» десем, көздөрүнүн кыйыгы менен карап, унчугушпайт. Эч нерсени түшүнбөй, нес болуп калдым. Унаада жолдошумдун 2-3 досу бар эле. Алардын кулак-мээсин жеп, «унааны токтоткула! Менин курткам менен сумкам калып калды» деп айкырык салып келе жатсам, «ошол элеби?» деп унааны токтотушту. Бир аяшым унаадан түшүп, арткы багажын ачып, сумкам менен курткамды колума карматып койду. Көрсө, муну мурун эле пландап коюшуптур. Ошентип бир кызды чакырып берем деп, өзүм 19 жашымда турмуш жолуна аттанып калгам», — деди ал.

Каарманыбыз жаңы келин болуп келгендеги эсте калган көз ирмемдерин эстеди.

«Ал эми жолдошум экөөбүз такыр сүйлөшчү эмеспиз. Сыртынан тааныйт болчумун. Мен иштеген кафеге келип, тамактанып кетчү. Ошондо мага көзү түшкөн экен. Анысы аз келгенсип, инилерин алып келип, мени сынатып кетчү экен. Аны мен такыр байкабаптырмын. Нике ысык деп коюшат эмеспи, жолдошум экөөбүздүн жылдызыбыз келишип кетти.

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Куртка айылына келин болдум. Ал жакта жарманы бат-баттан бышырып ичип турушат экен. Күндө эртең менен бир абышка терезени такылдатып, «балам, жармаңдан берчи» деп келет. Кайын журтум менен дасторкон үстүндө отурганда, «ушул кичинекей чал жарма сурап эле келе берет экен» десем, кайненем: «ай бул чоң кайнатаң болот» десе, уялгандан эки бетим кызарып отуруп калгам. Көрсө кайнатамдын бир тууган агасы экен. Эрте жашымда келин болуп барганыма байланыштуу баары бир эркелигимди көрсөтсөм керек. Ошондой учурда туура түшүнүү менен кабыл алган жолдошума жана кайын журтума чын жүрөгүмдөн ыраазы болом», — деди ал.

Анын айтымында, жолдошунда эркектин бардык мыкты сапаттары бар.

«Бош убактымды үй-бүлөм менен өткөргөндү жактырам. Сүйүктүү жолдошума жана балдарыма жакшы көргөн тамактарын жасап бергенге аракет кылам. Түтүн булатып жашап жатканыбызга 15 жылдын жүзү болду. Учурда 1 уул жана 3 кыздын ата-энеси болдук. Жолдошум балдарына жароокер жана мыкты ата. Балдарынын айтканын аткарып, эч нерседен кем кылбайт. Курсагы ачып турса да, өзүнөн мурун балдарын тойгузуп, анан тамак ичет. Жоктон барды кылган эркектин бардык мыкты сапаттары бар. Өз ишине так. Менин жумушумду да туура түшүнүп, көп жерден колдоп келет. Биз бактылуубуз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE