Пример HTML-страницы

Баткен шаарында курулушу токтотулган жаңы мал базар кайрадан салынып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарындагы жаңы мал базардын жери трансформацияланып, курулуш жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, базарды май айында пайдаланууга берүү пландалып жатат. Баткен шаарында 1,50 гектар жер коммерциялык багытка трансформацияланып, муниципалдык, заманбап мал базардын курулушу жүрүп жатат. Мал базар бетон тосмолор менен тосулган. Учурда бодо жана майда мал, жылкылар үчүн үстү жабык 5 жай курулууда. Мал байлоочу тосмолор да орнотулат. Ветеринар жана санитарлардын кабинеттери менен административдик имарат курулуп, мал жүктөп кетүү үчүн эстакадалар да болот.

Аталган жер буга чейин мыйзамсыз болгондуктан прокуратура тарабынан иш козголуп, жумуш токтоп калган. Жердин багыты өзгөртүлүп, 2 млн 973 миң сомдук мал базардын курулушу кайра уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE