Пример HTML-страницы

Бакай-Атада жылкы уурдаган 18 жаштагы шектүү «Манас» аэропортунан кармалды

TurmushБакай-Ата РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бакай-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө Кызыл-Октябрь айылынын 1951-жылы туулган М.К. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2023-жылдын сентябрь айында Кызыл-Октябрь айылынын У. аттуу тургуну анын жылкысын багып, минип турам деп сурап алып кетип, андан соң жылкыны белгисиз адам уурдап кеткендигин айткан.

Бул факт маалыматтарды эсепке алуу журналына каталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жабырлануучу М.К.га орточо базар баасы менен 60 000 сомдук материалдык зыян келтирилгендиги аныкталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип Бакай-Ата районунун 2005-жылы туулган А.Т. аттуу тургуну «Манас» эл аралык аэропортунан кармалган. Шектүү Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE