Пример HTML-страницы

Ала-Букада мурдагы салык кызматкери дүкөнүн китепканага айлантты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну Бактыбек Койчумбаев азык-түлүк саткан дүкөндү китепканага айлантты. Жаш муундуу китеп окууга кызыктырууга белсенген элет жериндеги каарман менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Анын айтымында, жаш кезинен китеп окууга кызыгып, жеке китепкана уюштурууну максат кылган.

«Өзүм Ала-Бука айыл аймагында төрөлүп өскөм. Биз жаш кезибизде атам китеп сатып алып, окуп болгон соң текчеге жыйнай берчү. Кийинчерээк мектепке барып, райондогу орус тилдүү мектепте билим алып, орус адабиятына, өзгөчө Лермонтов, Пушкиндин китептерин кызыгып окуп, ошол залкар кишилердин чыгармаларын окуп чоңойдум. 1987-жылы мектепти аяктап, ал кездеги Фрунзедеги (азыркы Бишкек) финансы-экономикалык институтуна тапшырып, аны 1989-жылы аяктадым. Ошол эле жылы Ала-Букага келип, иштеп калдым. Тактап айтканда, 1989-жылы райондо салык кызматы жаңыдан уюшулган болчу. Бул мекеменин уюштуруучуларымын десем да болот. Мында 1996-жылга чейин иштеп, ал кезде союз мезгили тарап, Кыргызстан базар экономикасына өтүп жаткан учур эле. Мен да жумуштан чыгып, ишкерликке өттүм. Бирок китепкана ачууга болгон үмүт өчкөн жок», — дейт ал.

Каарманыбыз китепкана ачууда өзүнүн эле эмес, туугандарынын жана бирге окуган классташтарынын да салымы бар экенин айтат.

«Ала-Бука айыл аймагынын борборунда жашайбыз, үйдүн алдында дүкөнбүз бар эле. Аны бошотуп, оңдоп-түзөп, китеп тизүүчү текче, отургучтарды сатып алып, окурманга ылайыктуу шарт түздүм. Мында негизинен кыргыз-орус адабияттары, балдар адабияты жана дин тууралуу түшүнүк берген китептер жана Кыргыз Республикасынын Конститутциясы, Салык, Кылмыш-жаза кодекстеринин жаңы редакциясындагы китептер бар. Көп учурда бул жерде өзүм болом. Юридикалык жактан бир аз түшүнүк болгондуктан укугу бузулган кишилерге жөнөкөй кеңештерди берем. Алсак, кантип туура арыз же доо арыз жазуу тууралуу түшүнүк берем деген ишеничтемин. Албетте, мынчалык кеңири китептердин жыйындысын топтоо оңойго турган жок. Менин бул ишти баштаганымжы билген классташтарым, туугандарым үйүндө турган китептерин алып келип, тапшырып кетишти. Бул китептер окурмандар үчүн кызыктуу болот деген ишеничтемин. Азыр мында миңге жакын китеп бар, буюрса алдыда дагы китеп фондун кеңейтем деген ишеничтемин», — деди ал.

Бактыбек Койчумбаев акыркы жылдары жаштар китеп окууга эмес, гаджеттерге кызыгып кеткенин айтат.

«Менин баамымда акыркы 30 жылда тиричилик деп балдарыбызга анчейин маани бербей калдык. Азыр китеп окуган жаштар чанда гана. Китептин ордуна компьютер, телефон колдонгон жаштардын саны арбыды. Бул китепкананы ачуумдун негизги максаты — дал

ушул жаштарды китеп бетин ачып окууга кызыктыруу», — дейт каарманыбыз.

Бактыбек Койчумбаев 54 жашта. Анын 3 баласы жана 4 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE