Пример HTML-страницы

Абдужалил Бекаев Сүлүктү шаарынын баш имамы болду

Акыркы жанылыктар

TurmushАбдужалил Бекаев Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын баш имам-хатиби болуп дайындалды. Мындай чечимди облус казысы Нуридин Мамасабиров кабыл алды.

Абдыжалил Бекаев буга чейин Лейлек районун баш имам-хатибинин орун басары болуп иштеп келген.

Ал 1983-жылдын 29-мартында Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Сүлүктү шаарында туулган.

2013-жылы Лейлек районуна караштуу Раззаков шаарындагы «Абдулло ибн Аббас» ислам инстутун аяктаган. Ошол эле жылдан баштап 2022-жылга чейин Сокулук районунда Новопавлока айыл аймагындагы Ата-Журт конушунда жайгашкан «Нур» мечитинде имам-хатиб болуп эмгектенген.

2022-жылдын аягынан баштап Лейлек районунун баш имам-хатибинин орун басары болуп иштеп келген.

Ал эки уул, эки кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE