Пример HTML-страницы

Жумгалдагы мамлекеттик мекемелердин арткы тарабын таштанды каптады (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунун Чаек айылында жайгашкан «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Жумгалдагы филиалынын, К.Акыев атындагы Жумгал музыкалык драма театрынын жана райондук сот, прокуратура, мамлекеттик нотариус мекемелеринин арты таштандыга толуп кеткен.

Арткы көчөсү Таттыбүбү Турсунбаева атындагы борбордук көчө тарапта жайгашпагандыктан айрым учурларда тазаланбай, жерге ташталган таштандынын бары чогулуп отуруп, жагымсыз жыт чыгат.

Айыл тургуну Камчыбек Жаманкулов мындай көрүнүшкө жол берип жаткан жетекчилерге сөгүш деле берсе жарашарын айтат.

«”Борбордук көчө эмес” деп кароосуз калтырып, “ал жакты ким көрмөк эле?” деп тазалабай, таштап койгон туура эмес. Мекемелердин алды таза көрүнгөнү менен аркасы келишип эле турат. Тазалап, таштандыдан арылтып коюшса жакшы болмок да. Чаек айыл өкмөтүндөгү «Тазалык» ишканасы менен алгылыктуу иш алып барышпайт», — деди К.Жаманкулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE