Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда 2 микроавтобус кагышып, адамдар оор жаракаттарды алышты (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 6-июлда эртең менен Жалал-Абад шаарында унаа кырсык катталды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, эртең менен эл ташуучу 2 маршруттук унаа кагышып, бири коомдук тамактануучу жайдын имаратын сүзүп токтогон.

Жалал-Абад областтык биргелешкен оорукана жетекчилиги андагы жол кырсыгынан улам 24 адам кайрылганын ырастады.

«Биздин ооруканага 24 адам кайрылып, 16сы ооруканага жаткырылды. Кырсыктан жабыркагандардын бирине операция жасалды. Оор абалдагылары, 2 буту, колу сынгандары бар. Жабырлануучулардын жагдайлары ар кандай», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, калаадагы Б. Осмонов көчөсү менен А.Шерматова көчөсүнүн кесилишинде «Мерседец-Бенц Спринтер» унаалары кагышкан. Экөөнүн тең айдоочулары Сузак районунун тургундары болушкан. Бул кырсыктын кесепетинен Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылынын 2 тургуну травматология бөлүмүнө жаткырылган. Жоон-Күнгөй айылынын тургуну хирургия, нейрохирургияга жаткырылган. С.Б. аттуу адамдын ички органдарынын жабыр тартып алган жаракатынан улам ооруканага жаткырылган. Мундуз айылынын тургуну Р.Ж., Ак-Баш айылынын тургуну А.У. реанимацияга жаткырылган.

Бул кырсык боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE