Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө РИИБдин жана ШИИБдин башчысынын жаңы орун басарлары дайындалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунда шаар жана райондордун ички иштер органдарынын жетекчилеринин орун басарларын ротациялоо жүргүзүлдү.

Turmush басылмасына белгилүү болгондой, Орозалиев Чыңгыз Байымбетович Жети-Өгүз районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматынан бошотулду. Ал ротация жолу менен Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматына дайындалды.

Милициянын подполковниги Батырбеков Азамат Бейшенович Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматынан бошотулду. Ротация жолу менен Жети-Өгүз районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматына дайындалган.

Сагынова Назгүл Рысбековна Тоң районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары болуп дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE