Пример HTML-страницы

Turmush: Чүйдөгү айылда дүкөн өрттөндү

TurmushМосква районунун Беловодск айылында дүкөн өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык айылдын Фрунзе көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен жалпы аянты 10 чарчы метр «Мираж» дүкөнүнүн азык-түлүктөрү күйүп кетти. Бул кырсык электр тогунун чыңалуусунан улам чыккан.

Аламүдүн районунун Арашан айылындагы Электриктер дачасында 2 кабаттуу жыгачтан салынган үй жана үйдүн жер төлөөсүндөгү курулуш материалдары күйүп кетти. Өрттүн болжол менен аянты 90 чарчы метрди түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE