Пример HTML-страницы

Түркиядагы мекендештер үрөй учурган жер титирөө боюнча үн катышты

Акыркы жанылыктар

TurmushТүркияда 7,4 жана 7,7 баллдык жер титирөө болду. Анын кесепетинен Түркияда 1 миңден ашуун адам каза болуп, 5 миңден ашуун киши жаракат алды. Ошондой эле, 3 миңге жакын имарат урады.

Коңшу Сирия мамлекетинде дагы жүздөгөн адам мерт кетип, миңдеген киши жабыркады.

«Turmush» агенттиги Түркиянын Адана шаарында жашап жаткан мекендеш Султангазиева Гүлзат Алымбековна менен байланышты. Ал соңку окуялар менен бөлүштү.

«Азыр Кыргызстандын убактысы боюнча саат 21:00дө үйдөн чыгып, шаардын сыртына качып баратабыз. Каякка баратканым белгисиз. Бизди жумуш берген түрк туугандарыбыз алып кетип баратышат. Анткени Түркиянын убактысы боюнча саат 17:00-20:00дө дагы үчүнчү толкун болот деп жатышат. Ошондуктан көп кабаттуу үйлөрдөн алыс, шаардын четине кетип баратабыз.

Биз көп кабаттуу үйдүн тогузунчу кабатында жашайбыз. Жер титирегенде онунчу кабаттын терезелери талкаланды. Эшикке араң чыктык. Үйдүн ичиндеги эмеректер чачылды. Үй катуу кыймылдап, шкаф кулаганда, аябай коркуп кеттим окшойт, оозу-мурдумдан кан чыгып кетти. Өзүмдү жоготуп баратып, араң калдым. Азыр деле башым айланып, көзүм караңгылап, өзүмө келе албай жатам. Медицина кызматкерлерине көрүнгөнгө убакыт болгон жок. Үйдөн сыртка эптеп чыктык», — деди Гүлзат айым.

Мекендешибиз Аданада жашап жатканына быйыл төртүнчү жыл болот.

Расмий маалымат боюнча, Адана – жер титирөөдөн жабыркаган 10 шаардын бири. Андан тышкары, Газиантеп, Кахраманмарас, Хатай, Османие, Адыяман, Малатья, Шанлыурфа, Диярбакыр жана Кили шаарлары зыян тартты.

1 жыл 2 айдан бери Адана шаарында жашаган Аксана Кудайбергенова:

— Мен Адана шаарындагы 14 кабаттуу үйдүн 2-кабатында жашап, иштейм. Жер титирөө аябай катуу болду. Кудайга шүгүр, сыртка чыкканга үлгүрүп калдык. Бизден 2-3 квартал ары жакта көп кабаттуу турак үйлөр кулады. Эртеӊ мененки саат 4:15те башталган ызы-чуу азыркыга чейин токтой элек. Сөз менен айтып жеткириш кыйын. Абдан корктук. Адана шаарында кыргыз мигранттар — аял кишилер көп. Азыр каза болгондордун ичинде мынча мигрант бар деп айтыша элек. Азыр жергиликтүүлөрдү санап жатышат. Калп айтпасам, ар бир көп кабаттуу турак үйлөр 1-2 кыргыз мигранттар бар. Кудайым сактасын деп тиленип жатабыз.

Алина Барктабасова Адана шаарында 4 жылдан бери жашайт:

— Таңкы саат 04:15 чамасында багып жаткан кыз менен уктап жатканбыз. Бир маалда асма шамдар кыймылдап баштады. Жер титирөө күч алып, үрөй учурду. Биз жашаган райондогулар, подьезддин ичиндегилер тышка чыгып башташты. Кудайга шүгүр, биз жашаган көп кабаттуу үй эч нерсе болгон жок. Түштө саат 13:00 чамасында кайра кайталанды. Ошондон бери тышта жүрөбүз. Майда жер титирөөлөр болуп жатат. Биз онунчу кабатта жашачубуз.

2 жылдан бери Аданада жашаган Асаналиева Гүлмира Талантбековна:

— Жер титиреген маалда Аданада жумуш таап берген компанияда болчумун. Жер титирегенден кийин кыргыздар эшикке качып чыктык. Учурда ошол эле шаардамын, абалым жакшы. Түштө да жер титиреди, кечинде да титирейт деген маалыматка байланыштуу эшикте болуп жатабыз. Өзүм Бишкек шаарынан болом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE