Пример HTML-страницы

Түптө эркектер арасындагы жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу боюнча айлык өтүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районунда 18 жаштан өйдө эркектердин ден соолугун чыңдоо жана алдын алуу боюнча «Жооптуу бол!» айлыгы өтүп жатат. Бул тууралуу Түп райондук дарыгерлердин жалпы практикалык борборунун директорунун орун басары Кубанычбек Алмабеков билдирди.

Анын айтымында, эркектер арасында жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча айлык өтүүдө. Негизги максаты — эркектердин кооптуу факторлорго кабылуусу жогору болгондуктан (тамеки, алкоголь, ашыкча салмак ж.б) алардын ден соолугуна алдын ала кам көрүү.

Райондо эркектердин жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу боюнча медициналык кароодон ѳтүүсүн камсыз кылууда дарыгерлер менен бирге айылдык ден соолук комитеттери жардам берүүдө. Анда кан басым өлчөнүп, бой, салмак жана бардык жугуштуу эмес ооруларга карата текшерүүлөр жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE