Пример HTML-страницы

Ошто терминалдарды бузуп, ичиндеги акчаны уурдап кетишкен. Эки адам кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында терминалдарды бузуп, акча уурдап кеткен шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 2-февралына караган түнү Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан «Кыргызтелеком» ишканасынын 1-кабатындагы жарандарды кабыл алуу бөлмөсүндө жайгашкан терминалдарды бузуп, ичиндеги акча каражаттарын уурдап кетишкени маалымдалган. Аталган маалымат Ош ШИИБге катталып, ыкчам тергөө тобу барып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) 3-бөлүгүнүн 4-пункту менен кылмыш иши козголгон. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары 11-февраль күнү Ош облусунун Ноокат районунун 1992-жылы туулган тургуну А.уулу Н. жана Ош шаарынын 1986-жылы туулган тургуну Ю.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

13-февраль күнү Ош шаардык соту тарабынан шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы тандалып, эки айга камак түрү тандалып алынды.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экени текшерилип, тергөө жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE