Пример HTML-страницы

Новопавловкада жол боюнда көп жылдан бери турган унаалар алынды. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылында, Бишкек—Кара-Балта унаа жолунун боюнда турган курулуштар алынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Новопавловка айыл өкмөт башчысынын орун басары Элдияр Рымбеков айтымында, учурда рейддик иш-чаралар жүрүп жатат. Ага экология, санэпидемстанция, архитектура, ЖКККБ, РИИБ, айыл өкмөттүн кызматкерлери, айылдык кеӊештин депутаттары катышып жатат.

«Мекемелер аралык комиссия чыгып, Бишкек—Кара-Балта унаа жолунун боюндагы башаламан соода кылган жайларды алдыруу боюнча иш алып барып жатабыз. Жол боюнда тоскоолдук жаратып, мыйзамсыз соода кылгандарга түшүндүрүү иштери дагы жүрүп жатат. Бирок, арасында баш ийбегендер бар. Алардыкын күч колдонуп алып жатабыз. Себеби буга чейин эскертилип айтылган. Булардын бул жерге соода кылууга эч кандай уруксат кагаздары жок. Жол боюнда жашаган кээ бир тургундар ал жерлерди ижарага берип келгени да аныкталды.

Ошондой эле мыйзамсыз салынган дүкөн, кафе, унаа жуучу жай, күйүүчү май куюучу жайларды алып жатабыз.

Мындан тышкары, жол боюнда бир жылдан бери турган эски жүк ташуучу унааларды дагы алып кеттик. Ал унааларда жашылча-жемиштерди сатып келишкен. Алар унаа кыймылына тоскоолдук жаратып жатышкан. Ал тургай булардын айынан 1-2 жолу жол кырсыгы катталган», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE