Пример HTML-страницы

Лейлекте издөөдө жүргөн адам Россиядан кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЛейлек районунда алдамчылык менен издөөдө жүргөн адам Россиядан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын март айларында Б.А. аттуу жаран Лейлек районунун Кулуңду айылындагы навайканалардын бирине нан бышыруучу болуп кирип, навайкана ээсинен алдын ала акча алып, акчаны кайтарбай изин жашырып кеткен. Бул факты Лейлек РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө навайкана ээсине 132 миң сомдук зыян келтирген Б.А. аттуу жаран мурда соттолгон Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну экендиги аныкталып, Лейлек РИИБи тарабынан издөө жарыяланган. Лейлек РИИБдин кызматкерлеринин ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде ал Россияда жүргөнү аныкталып, кармалып келинди.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE