Пример HTML-страницы

Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде 6,5 млн сомго жайкы спорттук аянтча курулду. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 24-апрелде Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде жалпы сметалык баасы 6,5 милион сом болгон жаңы жайкы спорттук аянтча колдонууга берилди.

Окуу жайдын маалыматы боюнча, спорттук аянтча материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана студенттерге татыктуу билим берүү максатында курулду.

Жайкы спорттук аянтчанын ачылышына университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, профессордук-окутуучулар жамааты, студенттер катышты. Ректор университеттин 30 жылдыгына карата илимий, маданий-массалык, спорттук иш-чаралар уюштурулуп жатканын айтып, алардын катарында материалдык-техникалык базаны чыңдоо иштерине өзгөчө көңүл бурула турганын баса белгилеп, анын бири жаңыдан ачылган жайкы спорттук аянтча тууралуу сөз кылды.

Аталган спорттук аянтча атайын стандарттарга жооп бере турган спорттун волейбол, баскетбол жана улуттук ордо оюндарына ылайыкталып жасалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE