Пример HTML-страницы

Кыргыз үй-бүлөгө келин болгон погончон Ольганы айыл эли акмалап турушчу

Акыркы жанылыктар

Turmush«Погончон айым» рубрикасынын кезектеги каарманы — кыргыз жигитке турмушка чыккан 36 жаштагы Ольга Шамрова. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде жашоосу тууралуу айтып берди.

Ольга Шамрова учурда Ноокен райондук ички иштер бөлүмүндө эмгектенет. Ал Кыргызстанда төрөлгөн, кыргыз тилинде түш жооруйт.

«Өзүм Кочкор-Ата шаарынан болом. 1986-жылы жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Атам менен апам өмүр бою мамлекеттик жумушта эмгектенди. Үй-бүлөдө 3 уул, 1 кыз болгондуктан атам кичинекей кезимден эле менин оюмду кубаттап, кеңеш берчү. Мектепте окуп жүргөн учурда ар кайсы кесипти ойлоп жүрдүм. Бирок погон тагынган, жарашыктуу милиция формасын кийген аймактык тескөөчү болуп иштеген кошуна эжени көргөндө мен да милиция кызматкери болууну самадым. Бул чечимди укканда апам таң калды. «Кыз бала кантип милиция кызматкери болсун? Бул жумуш оор» деген ойлорун айтышты. Бирок атам менин оюмду кубаттап, 2004-2005-окуу жылында Жалал-Абад шаарындагы Укук, бизнес, билим берүү академиясынын юриспруденция факультетине алып келип, окууга тапшыртты. Жогорку окуу жайды 2009-жылы аяктап, ошол эле жылы Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө жумушка орноштум. Дээрлик 13 жылдан бери ушул жерде иштеп келе жатам», — дейт ал.

Анын айтымында, кыргыз жигитке турмушка чыгуу тууралуу чечими жакындарын жана кайын журтун шок кылган.

«2011-жылы Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагына караган 1-май айылындагы кыргыз үй-бүлөгө келин болуп баргам. Жолдошум менен 2003-жылы 11-класста окуп жүргөн учурда Кочкор-Ата шаарында таанышып калганбыз. Ал нефт өндүрүү тармагында иштейт. Ошол жылдары Кочкор-Ата шаарында билим алып жаткан. Биз орус улутунда болгонубуз менен Кыргызстанда жашап, кыргыз улутундагы досторубуз, кошуналарыбыз болгондуктан кыргыз тилинде так сүйлөчүм. Мүмкүн жолдошум мени ушул үчүн жактырып калган.

Экөөбүз 8 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Акырында баш кошобуз деген чечимге келдик. Мен үй-бүлөм, ата-энеме кыргыз жигитине турмушка чыгарымды айтсам, ата-энем каршы болуп, апам «кыргыз салттары кыйын, сен аны билбейсиң, ушундай да болчу беле?» деп каршы болду. Ал эми жолдошум тараптагылар да ушундай эле сөздөрүн айтып, каршы болушту. Биз такыр оюбуздан кайткан жокпуз, акыры эки жактагы ата-энелерибиз макулдугун берип, баш коштук. Көрсө сүйүү улут тандабайт экен.

Кайын журтум абдан түшүнүктүү кишилер. Апам (кайын энеси) мен жаңы келин болуп барганда салттарды үйрөткөн. Азыр кыргыз салттарынын баарын билем десем болот. Ушул мезгилге чейин кайын энем «кызым» деп акыл-насаатын айтып, кеп-кеңешин берип келет. Ал эми жолдошумду да менин ата-энем эрке күйөө бала деп сыйлап турушат», — деди ал.

Ольга Шамрова айылга келин болуп барып, жоолук салынганда көбү таң калган.

«Жаңы келин болуп барып, жолук салынган орус кызын көргөндө көпчүлүк таң калган. Айрым учурда көчөдө басып бара жатсам, «орус келин келатат» деп терезеден, дубалдан карап, айыл эли таң калып, акмалагандары эсимден кетпейт. Кээде орусча сүйлөп тийишкендерге кыргызча жооп берсем таң калышчу. Азыр коңшу-колоң, айыл эли менен абдан жакшы мамиледемин», — дейт ал.

Ал кыргыз тилин билгени жумушунда, жашоосунда көп жакшы окуяларга себеп болгонун айтат.

«13 жылдык эмгек тажрыйбамда жашы жете электер боюнча инспектор болуп да эмгектенип жүрдүм. Кыргыз, орус тилдеринде эркин баарлашканым үчүн мектептерде балдар менен жакын болдум. Айрым балдар тентек кылып, милициянын каттоосуна түшүп калса, алар менен жакындан сүйлөшүп, кеп-кеңешимди берип, туура жолго түшкөндөр да болду. Ушул кезге чейин айрым окуучуларым мени көрсө, ыраазычылык билдирип турушат.

Учурда райондук ички иштер бөлүмүнүн бирдиктүү терезесинде жарандарга соттолбогондугу тууралуу маалым кат берип иштейм. Кээде жарандар келип, менин сырткы келбетимди көрүп, өздөрүнчө шабырап, «орус экен го, справка керек деген сөздү орус тилинда кантип түшүндүрүп беребиз?» деп ойлонуп калышат. Ошондой мезгилде мен кыргызча «саламатсызбы, сизге кандай жардам бере алам, эмне жумуш менен келдиңиз?» десем таң калып, «башында эле кыргызмын дебейсизби эже, мен эмне деп сүйлөрүмдү орусча которо албай кыйналып жатам» деп күлүп калышат. Кыргыз тилин так билгеним мага эл менен тыгыз иштешүүдө жардам берип келет», — деди ал.

Ольга Шамрова 36 жашта, ал 2 кыз жана 1 уулдун энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE