Пример HTML-страницы

Аксыда УКМК операциясынан кийин 9 дарыгер арыз жазып, экөө жумуштан бошотулду

Акыркы жанылыктар

TurmushАксы райондук жалпы дарыгерлер практика борборундагы 9 дарыгер буга чейин жумуштан бошотуу боюнча арыз жазган. Алардын ичинен экөө жумушунан бошотулуп, калгандары эмгектенип жатышат.

Алар буга чейин пара менен кармалган кесиптешин колдоо иретинде эмес, дарыгерлерге карата коомчулукта болуп жаткан ар кандай басынтууларга чек коюу үчүн арыз жазышканын айтып чыгышты, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Арыз жазган дарыгерлердин катарында Сүймөнкул Орозкулов да бар. Ал окуя тууралуу айтып берди.

«Ырасында, жумуштан кетүү боюнча арыз жазганбыз. Бул аракетибиз коррупцияга шектүү катары кармалган дарыгерди кесиптештик колдоо үчүн болгон эмес. Аны колдой турган өзүнүн жактоочусу бар. Териштирүүгө териштирчү органдар бар дегендей.

Биз дарыгерлерге болгон мамиледен улам арыз жаздык. Жумушуңду түшүнүп, ырахмат айткандары деле бар. Эмнегедир коомдо дарыгерлерге сыйлабастык мамиле бар. Коркутуп-үркүтүүлөр орун алат. Жардам берип жатсаң да “тезирээк жардам бер” деп жакалап, басынтып, ызы-чуу салган учур катталат. Ошондой учурлар токтосун, дарыгерлердин укуктары дагы корголсун деп ошол кадамга бардык. Мындай мамиле бир эле бизде эмес, өлкөдөгү башка да ак халатчандарда бар.

Жетекчилик, акимчиликтин өкүлдөрү менен сүйлөштүк. Биз дагы кетирген кемчиликтерди жоюп, иштей турган болдук», — дейт дарыгер.

Жумуштан кетүү боюнча кызматкерлери жазган арыз тууралуу жетекчиси коомчулукка жарыяланып кеткенден кийин гана билген.

Аксы райондук жалпы практикалык борборунун жетекчиси Медер Осмонов: «Социалдык тармактардан 6-февралда 11 дарыгер иш таштаганы боюнча окудум. Өзүм дарыгерлер үн каткан күнү ооруканада жаткам. Эртеси күнү 9 дарыгердин арызын алдым. Ага чейин алардын жумуштан кетүү боюнча арызы жумуштан бошогон кызматкерде жүрүптүр.

Профсоюздун төрайымы, аксакал дарыгерлер менен сүйлөштүк, арыз жазган дарыгерлердин өздөрү менен баарлаштык. Дарыгерлер арыз жазышканы менен бирөөсү да иш таштаган эмес. Күндөгүдөй эле бейтаптарды кабыл алып, алардын саламаттыгы үчүн иштеп жүрүшкөн. Сүйлөшүүлөрдөн кийин 7 дарыгер түшүнүк кат жазып, ордунда калды. 2 акушер-гинеколог өз каалоосу менен арызын жазышты, алар жумуштан бошотулду. Экөө тең тажрыйбалуу адис болчу.

Төрөт бөлүмүндө азыр 3 акушер-гинеколог бар. Жакында бөлүм башчысы декретке кетсе, экөө эле калат. Бул бизди ойлондуруп турат. Облустан, министрликтен жардам болуп, 2 акушер-гинеколог табуу маселеси чечилип калат деп үмүттөнүп жатабыз.

Биз үчүн өтө өкүнүчтүү, жагымсыз иш болду. Түшүнбөстүктөр жоюлду, иш улана берет», — деди жетекчи.

8-февралда Жерге-Тал айыл аймагынан 50 чакты жергиликтүү тургун УКМК кармаган кызматкердин иш ордунда калуусун талап кылып, оорукана жетекчилигине келишкен.

Ал эми 47 кызматкер кол койгон кайрылуу да дарыгерлерге карата жасалган мамиле жакшырып, укуктарынын корголушун камсыздоого багытталган.

Окуя тууралуу:

УКМКнын расмий маалыматы боюнча, Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун жалпы дарыгерлик практика борборунун акушери көз жарган аялдан акча алган жеринен кармалган.

«Аксы райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун төрөт бөлүмүндө паракорчулук жана акча талап кылуу калыптанганы аныкталды.

Тактап айтканда, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына Д.С.М. аттуу жаран кайрылып, акушер-гинеколог — 1983-жылы туулган М.А.А. акча талап кылып жаткандыгын айткан.

Акушер 2-февраль күнү иш бөлмөсүндө талап кылган акчасын алганда кармалган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылган маалыматта.

УКМК тарабынан шектүү катары кармалган А.Молорбаева өзү окуя тууралуу айтып берген.

«2023-жылдын 22-январь күнү Кашка-Суу айыл аймагынын 33 жаштагы тургуну — кош бойлуу А.Т. Аксы райондук бейтапканасынын патология бөлүмүнө жаткарылган. Бул жолу үчүнчү ирет кош бойлуу болгон. Ал буга чейинки балдарынын баарын операция жолу менен төрөгөн экен.

Ага 26-январь күнү операция жасадык. Ачыгын айтканда, операция оор болду. Бул операцияны кесиптешим Кадырбек Маратов менен бирге жасаганбыз. Бирок ал операциядан кийин жумуштары менен Бишкек шаарына кеткен болчу.

2-февралда ал мага байланышып, 26-январда операция жасалган аялдын күйөөсү ыраазычылык иретинде 4000 сом акча берерин айтты.

Ал айткандай, көз жарган аялдын күйөөсү келип, 7000 сом берди. Мен кесиптешим айткандай 4000 сомду гана алып, калганын кайтарып бергем. Көп өтпөй төрөт бөлүмүнө УКМКнын кызматкерлери келип калышты. Чындыгында ал акчаны мен кесиптешим айтканынан жана күйөөсү ыраазы болуп берип жатат деп алгам.

Ошол күнү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Жалал-Абад шаарына кызматкерлер менен бирге кеттим. Ал жактан түнкү саат 22:00гө чейин суроо-жооп болуп, андан кийин мени “жумушуңузга бара бериңиз” деп кетиришти. Эртеси жумушка келип иштеп жатсам, сүрөт-видеолорду жалпыга маалымдоо каражаттарына таратып коюшуптур.

Бул окуядан кийин райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги “биздин районду жалпы элге тааныткан кызматкерге чара колдонгула” деп, андан кийин мага жетекчилик тарабынан кысымдар болуп, жумуштан кетүүнү талап кылышты. Ошол себептүү мен жана мени колдогон 11 дарыгер арыз жазып, дагы 47 медициналык кызматкер жумуштан кетүү тууралуу айтып чыгышты», — деген дарыгер А.Молорбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE