Пример HTML-страницы

Айыл турмушу: Тынарбек Бердалиев ата жолун улап, күлүктөрдү таптап, чет өлкөдөгү мелдештерге да катышууда

TurmushТалас районунун Кырк-Казык айылынын 50 жаштагы тургуну Тынарбек Бердалиев бир канча жылдан бери таза кандуу жылкыларды багып келет. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жылкыларды багып калышына атасы себепкер болгон. Анткени ал Таласта таанымал саяпкерчи болчу.

«Атам республикага, Талас облусуна таанымал чоң саяпкер болуп, көп жыл жылкы заводун жетектеп келген. Таласка Казакстандан, Россиядан күлүк жылкыларын алып келип, таза кандуу жылкылардын көбөйүшүнө чоң салым кошкон. Атам алып келген айгырлардан, бээлерден тараган тукумдар азыркыга чейин чабылып жүрөт.

Үйдө 4 бир тууганбыз. Мен экинчиси болом. Баарыбыз эле атамдын жолун жолдоп, атамдан калган саяпкерчилик, күлүктөргө болгон кызыгуубуз бар. Шартым келип, ылайыгын таап атамдын жолун улантып кеткен мен болдум. Атамдан саяпкерликтин сырларын үйрөндүм. Кичинебизден эле атабыз даярдаган аттарды чаап жүрдүк. Мындайча айтканда атка болгон кызыгуубуз кичинебизден болгон.

Мектепти аяктап Айыл чарба институтуна тапшырып ийгиликтүү аяктагам. Ошондон бери эле ат менен келе жатам. 2 жылдан бери 2 тай, 1 кунан алып багып, таптап байгелерге чаптырып келгенбиз. Бир тайыбыз 1 жыл чабылып, кийин саттык. Ошко сатылган. 31-августта чабылган байгеден ошол тайыбыз 1-орунга ээ болду. Кунаныбыз болсо 2022-жылдын эсеби менен 7 жолу чабылды. Кудайымдын жардамы менен ийгиликтүү болуп, байгелүү орундарга ээ болдук. Айтор Кыргызстан ичиндеги чоң чабыштардан калбай чабылып жүрдү. Кунаныбыздын аты Акэмгек. Муну Чүй облусунун Жал айылынан Нурпайыз деген акеде жакшы таза кандуу бээлер бар, ошол кишиден алганбыз. Кунандын атасынын аты Рамзес англис айгыры. Энеси Барчын деген бээ. Ал эми кунандын баасы тай кезинде 250 миң сомго алынып келинген. Булар жергиликтүү эле, бирок ата-энеси сырттан алынып келинген деп айтылат», — деди ал.

Макаланын калган бөлүгүн, саяпкердин байланыш телефонун биздин сайтка катталуу менен окуй аласыз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE