Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддын борборуна 4 миң түп жоогазын тигилет

Акыркы жанылыктар

TurmushБыйыл Жалал-Абад шаарынын борбордук бөлүгүнө 4000 түп жоогазын гүлү отургузулат. Бул тууралуу Turmush басылмасына Жалал-Абад шаардык көрктөндүрүү жана жышылдандыруу чарбасынын башчысы Нурбек Айсариев билдирди.

Анын айтымында, шаарга гүлдөрдүн 8 түрү отургузулат.

«Өткөн жылдын күз мезгилинде 2023-жылга карата гүлдүн уруктарын сатып алуу үчүн калаа казынасынан 975 миң сом бөлүнүп берилген. Ал каражатка тендер жарыялап F-1 үлгүсүндөгү жызгы жана күзгү гүлдөрдүн уруктарын сатып алганбыз. Мында гүлдүн 8 сорту бар, азыр алар өсүп калды. Аны менен бирге калаанын борбордук бөлүгүнө 4 миң даана жоогазын гүлү тигилет. Азыр бул сорттогу гүлдөр баш алып калды. Күн жылышы менен март айынын орто ченинде тигүү жумуштары башталат. Жай айларында гүлдөрдү суугаруу маселе жаратып келет. Быйыл 3 атайын скважина курулуп, пайдаланууга берилмекчи. Эгер алар курулса, бизге бир катар жеңил болуп калат. Себеби жайдын аптаптуу күндөрүндө гүлдөрдү суу ташуучу унаа менен суугарууга аргасыз болобуз. Кээде суу таңкыс болуп, гүлдөр куурап калган учур да болот. Алдыда дагы 5 скважина курууга долбоор даярдалган», — деди Айсариев.

Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасында 56 кызматкер эмгектенет, мекеме жыл сайын 1-марттан 1-сентябрга чейинки аралыкка жумушчуларды кабыл алат. Ишканада 9 атайын техника бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE