Пример HTML-страницы

Токмокто өткөрмө пункттун айланасында жол эрежесин бузган 10 айдоочуга айып пул салынды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБишкек—Нарын—Торугарт айланма жолундагы «Токмок—автожол» өткөрмө-көзөмөл пунктунун тегерегин иретке келтирүү максатында Токмок ШИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пул салынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 182-бөлүгүнүн 1-беренеси (транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу) жана 194-беренесинин 1-бөлүгүнө (ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу) ылайык 10 айдоочуга 5500 сомдон айып пул салынды. Айып короого 10 унаа киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE