Пример HTML-страницы

Тоголок Молдо айыл аймагындагы тарыхый жайларды улуттук тизмеге киргизүүгө аракеттер көрүлө баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагындагы тарыхый жайларды тарыхый-маданий мурастардын улуттук тизмесине киргизүүгө аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Тоголок Молдо айыл аймагындагы Тоголок Молдонун (Байымбет Абдрахман уулу) мечит-медресесин, күмбөзүн, Атантай жана Тайлак баатырлардын кош күмбөзүн, ошондой эле 1932-жылы тургузулган Куртка чебин Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастардын улуттук тизмесине каттатуу жана аларды коргоого алуу максатында жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнүп, тиешелүү документтерин бүткөрүү иштери башталды.

——————

Тоголок Молдо (Байымбет Абдыракман уулу, 1860-1942) — жазма акын жана манасчы. 1937-жылдан тартып 1941-жылга чейин Кыргыз илимдер академиясына «Манас» үчилтигинен 98 703 сап ыр тапшырган.

Бул медресени Тоголок Молдонун бабаларынын бири Калпа ажы курган. Болжол менен 1910-жылдары салынган. Тоголок Молдо өзү ушул медреседен билим алган. Алгач өзү 30 баланы окуткан.

Тоголок Молдонун мечит-медресеси айылдын күн батыш тарабында жайгашкан. Бүгүнкү күндө мечит-медресенин айланасы тосулбай, кароосуз калгандыктан жыгач тирөөчтөрү кыйшайып, дубалдары урап, үстү түшүп калган.

——————

Куртка чеби — Кокон хандыгынын Теңир-Тоо аймагындагы чеби. 1832-жылы Айгыржал деген жерде, Нарын дарыясынын оң куймасы Куртка суусунун боюндагы бийик секиге тургузулган.

Чептин узундугу 200 саржанга жетип, үч тарабы дубал менен курчалып, бир тарабы дарыяга такалган. Куртка кокондуктардын Теңир-Тоодогу негизги таянычы, башкы чеби болгон. Чептин бегине бул аймактагы башка чептер баш ийген. Чепте 1000ге жакын кокондук сарбаздар турган.

Чептин соода түйүнү катары да мааниси зор болгон. 1863-жылы Куртканы орус аскери ээлеген.

——————

Тайлак баатыр Ырыскул уулу — болжол менен 1796-жылы Нарын дарыясынын боюндагы Каргалык деген жерде, азыркы Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондорунун чегинде туулуп, 1838-жылы Курткада каза болгон.

Ал — XIX кылымдын биринчи жарымындагы кыргыз элинин көз карандысыздык үчүн болгон кыймылынын ири ѳкүлү жана айтылуу Жанболот баатырдын небереси.

——————

Атантай баатыр — Нарын аймагындагы кыргыздардын Цинь династиясынын аскерлерине жана Кокон хандыгына каршы көтөрүлүштөрүнүн кол башчысы. Тайлак баатырдын агасы.

Атантай менен Тайлактын колу 19-20-жылдары Жааңгер Кожону кууп келген кытайлык баскынчыларды толугу менен талкалашкан. 1831-жылы кыргыздардын Кокон хандыгына каршы күрөшүндө да Атантай менен Тайлак жетекчилик кылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE