Пример HTML-страницы

Түптүн кайсы аймактарында өрт кооптуулугу бар?

Акыркы жанылыктар

TurmushТүп районунун күнгөй тарабындагы тоо боорунда жана токойлордон өрт чыгып кетүү коркунучу бар. Бул боюнча ѲКМдин райондого өрткө каршы куткаруу бөлүмү менен токой чарба бөлүмү жаратылыш кырсыктарын алдын алууга болгон машыгууда белгилүү болду.

Түп райондук токой чарбанын токой коргоо жана сактоо инженери Наргиз Мусаевдин айтымында, акыркы жолу 2012-жылы райондо ири өрт катталып, республика боюнча миӊдеген адам кырсыкты жөнгө салууга тартылганын эскерет.

«2012-жылы 31-августта таӊкы саат 8:30 чамасында маалымат келип түшкөн. Анда Кеӊ-Суу айылындагы токойго чагылган түшүп, ири өрт кырсыгы катталып, токой баскан аянт, жайыт жерлер күйгөн. Тилсиз жоонун кесепети материалдык чыгым алып келип, токтотууга республика боюнча күнүнө 1000 адам тартылып, 16 күн дегенде өрт өчүрүлгөн. Кырсык экологияга келтирген зыянын эсептегенде бардыгы 88 гектар жер күйүп, анын ичинен 10 гектары токой баскан аянт ээлегени белгилүү болду. Андыктан ушул сыяктуу өрт кырсыгын болтурбай жана алдын алуу максатында ѲКМдин өрткө каршы куткаруу бөлүмчөсү менен токой чарба кызматы, кошумча 5 айыл өкмөттөн кошулган ыктыярчылар менен бирдикте машыгууларды өткөрүүдөбүз», — деди ал.

Учурда Түп районундагы күӊгөй бетиндеги токойлордон өрт чыгуу коркуну бар экенин жана ага жергиликтүүлөр этият мамиле кылууга чакырат.

«Азыр өрттүн эӊ орчундуу мезгилине келдик. Себеби жазгы жашыл чөп эми гана чыга баштагандыктан, былтыркы саргарган кургак чөптөр дагы деле бар. Андыктан таш ыргып исрка чыкса, же чагылган түшсө, тамекинин чогун өчүрбөй ыргытса, өрт чыгып кетүү коркунучу жаралат. Мындан сырткары, күн жылыгандан тарта жергиликтүүлөр жаратылыш койнуна эс алууга чыгышат. Андыктан жаратылыш кырсыгына жол бербей, этият болууга чакырабыз. Кокустан жаратылышта өрт кырсыгы катталса, кандай жол менен өчүрүлүп, ыкчам чара көрүү боюнча айыл аймактан түзүлгөн ыктыячылар менен бирдикте тактикалык маашыгуу өткөрүүдөбүз», — дейт райондук өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Улан Ѳмүралиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE