Пример HTML-страницы

Сузакта өрттү өз алдынча өчүрөм деп, үйдүн чатырына чыккан тургун кырсыкка кабылды

Акыркы жанылыктар

TurmushСузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын Димитровка айылында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жалпы аянты 168 чарчы метр болгон турак үйдүн чатыры толугу менен күйгөн.

Үй ээси — 1982-жылы туулган Х.Г. өрттү өз алдынча өчүрөм деп, үйдүн чатырынан кулап түшкөн. Ал жеке унаа менен Жалал-Абад облустук ооруканага жеткирилген. Кырсыктын кесепетинен сол буту кокустаган, абалы туруктуу.

Өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE