Turmush — 22-апрелде Талас облусунда катуу жамгырдан улам каптаган селдин калдыктары тазаланып жатат. Бул тууралуу ӨКМдин Талас облусундагы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Талас районунун Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылында, Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылында, Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар айылда жана Айтматов районунун Шекер айыл аймагынын Арчагул айылына сел түшкөн. Талас районунун Кара-Суу айылынын күн батыш тарабында талаадан түшкөн сел Талас—Тараз—Суусамыр унаа жолун каптап кеткен. Ал жерге 3 куткаруучу топ жана айыл өкмөттүн кызматкерлери тартылган. Талас райондук №19 Жол тейлөө ишканасы тарабынан 1 жүтөгүч, Чоң-Алыш айыл аймагынан 1 эксковатор, 1 жүктөгүч тартылып, сел сууларынын нугу бурулган. Жабыркаган жарандар жок.
Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылынын ички көчөлөрүн сел каптап болжолу менен 200 турак жайды, сарайларды, мектеп жана ички чарбалык унаа жолдорду суу каптаган. Ал жерге райондук суу чарба башкармалыгынан 1 эксковатор, Беш-Таш айыл аймагынан 1 эксковатор, 1 жүктөгүч жана жергиликтүү тургундардан 100 адам тартылып, сел сууларынын нугу бурулган. Таплас райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, 1 мотопомпа тартылып сел суулары кирген 3 үйдүн эшигинин алды, жер төлөсү тазаланган. Жабыркаган жарандар катталган жок.
Талас районунун Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар айылында болжол менен 50 үйдү, короолорду, сарайларды жана ички чарбалык унаа жолдорду сел суулары каптаган. Айылга
№19 Жол тейлөө ишканасы тарабынан 1 жүктөгүч, облустук суу чарба башкармалыгынан 1 эксковатор, жергиликтүү ишканадан 1 эксковатор, Кең-Кол айыл аймагынын 1 эксковатор, 1 жүктөгүч тартылган. Талас шаардык №17 ӨК бөлүмүнөн жана Талас районук №101 ӨК бөлүмүнөн 12 куткаруучу , 3 мотопомпа тартылып, 6 үйгө кирген сел тазаланган.
Айтматов районунун Шекер айыл аймагынын Арчагул айылында сел жүрүп, үйлөрдү жана сарайларга каптаган. Аткарылган жумуштун натыйжасында 2 үйдүн жер төлөлөрүнө кирген сел тазаланган. Райондук жарандык коргонуу комиссиясы иш алып барууда. Жабыркаган жарандар катталган жок.
Жалпы Талас облусунун Айтматов, Талас райондорунун 4 айылында сел жүргөн. Селдин кесепетинин 252 үйдү, короо-сарайды ички чарбалык унаа жолдорду суул каптаган.
Талас районунун 3 айлында райондук жарандык коргонуу комиссиясы жана жергиликтүү бийлик тарабынан калыбына келтирүү, бекемдөө иштери улантылат.
————————————————————
- Буга чейин Талас районунун аймагында селдин кесепеттерин жоюу үчүн район аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу.
Окуя тууралуу:
22-апрелде Талас районунда катуу жааган жаандан улам айылдарда кыян жүргөнү кабарланган.
Маалым болгондой, Талас шаардык №17 ӨКБга саат 18:57де Талас районунун Кең-Кол айылындагы Семетей көчөсүндө үйлөрдү сел суулары каптап жатат деген маалымат түшкөн. Жерине 5 куткаруучу тартылган.
Ошондой эле, саат 17:50 чамасында Талас районунун Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылынын күн батыш тарабында талаадан түшкөн сел Талас—Тараз—Суусамыр автоунаа жолун каптаган. Жерине Талас району боюнча ӨКБнын башчысы Э.Курмарбаев жана 3 куткаруучу топ, айыл өкмөттүн кызматкерлери чыгышкан.
Саат 17:56 чамасында Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылынын ички көчөлөрүн талаадан түшкөн сел каптаган. Жерине Талас району боюнча №101 ӨКБнын башчысы Э.Курманбаев, 3 куткаруучу топ, айыл өкмөттүн кызматкерлери чыгышкан.
Талас районунун Долоно айыл аймагынын Ак-Жар айылынын ички көчөлөрүн сел суулары каптаган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.