Пример HTML-страницы

Ноокенде «Жигули» менен «Мерседес» кагышып, 56 жаштагы айдоочу каза болду (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 4-июлда Ноокен районунун Бирлик айылында «Жигули» жана «Мерседес» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, 56 жаштагы айдоочу каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына күбөлөр билдирди.

Алардын айтымында, кырсыктан жабыр тарткан жарандар тез жардам менен Ноокен аймактык бейтапканасына жеткирилди.

Бул маалыматы Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан да ырастап, кырсык бүгүн түнкү саат 2:00 чамасында Бишкек–Ош унаа жолунун 537-чакырымында болгон.

«Райондун Бөгөт айылынын 56 жаштагы тургуну «Жигули» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып, каршы тилкеге чыгып, өз жолунда келе жаткан «Мерседес-Бенц» унаасын сүзгөн. «Мерседес-Бенц» унаасын Алай районунун 1995-жылы туулган тургуну башкарып келе жаткан. Кырсыктын кесепетинен 4 адам ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы «Жигулинин» айдоочусу алган жаракатынан улам бейтапканага жетпей жолдо каза болгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Азыр бейтапканада «Мерседестин» 27 жаштагы айдоочусу, 1971-жылы туулган аял («Жигулинин» жүргүнчүсү) дарыланып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми, Ноокен аймактык бейтапканасынын берген маалыматына караганда, ушул тапта 1 бейтап хирургия бөлүмүндө дарыланып жатат. Ага баш мээнин чайкалышы деген диагноз коюлган.

«Бүгүн түнү биздин бейтапканага 4 бейтап келген. Тилекке каршы анын бирөөсү жолдо үзүлүптүр. 3 бейтаптын бири ушул тапта хирургия бөлүмүндө дарыланууда. Ал эми 27 жаштагы айдоочу жигит Алай районуна которулду. Дагы бир жүргүнчү жеңил жаракат алган. Ал амблатордук жардам алып, Бишкек шаарына кетти. 51 жаштагы аялга баш мээсинин чакалышы деген диагноз койдук», — деди бейтапканын жетекчилиги.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE