Пример HTML-страницы

Ноокаттагы оорукананын 5 кызматкери жазаланды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Ноокат районунда мамлекетке 236 миң сом зыян келтирген 5 медицина кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Ноокат райондук прокуратурасынан билдиришти.

Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан 2022-жылдын 12 айында саламаттыкты сактоо тутумундагы коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу жана бөгөт коюу максатында 2 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 1 сунуш келтирилип, 5 адам тартиптик жоопкерчиликке тартылып, 1 кылмыш иши козголгон.

2019-жылдын 20-декабрында Ноокат райондук жалпы дарыгердик практика борбору тарабынан жалпы өлчөмү 300 миң сомду түзгөн 20 даана тоңдургучу менен муздаткыч сатып алуу боюнча мамлекеттик сатып алуулар департаментинин порталы аркылуу электрондук түрдө сынак жарыяланган. Аталган сынакка 23 катышуучу катышып, жыйынтыгында 236 миң сомду көрсөткөн Т. ЖЧК жеңүүчү болуп табылып, 2019-жылдын 25-декабрында Ноокат райондук ЖДПБ менен Т. ЖЧКнын жетекчиси ортосунда аталган иш-чараларын аткаруу боюнча келишим түзүлгөн.

Ноокат райондук ЖДПБнын жооптуу кызматкерлери тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн келишимдин аткаруу мөөнөтү 2019-жылдын 25-декабрынан 2019-жылдын 30-декабрына чейин белгиленгендигине, келишимдин 5-пунктуна ылайык келишимге кол коюлган күндөн тартып 7 күн ичинде төлөмдөрдүн 30 пайызын, калган 70 пайызын товарларды алган күндөн 15 күн ичинде төлөө шарты каралгандыгына, келишим түзүлгөн күндөн тартып 7 күн өтө электе жана бир дагы муздаткыч камсыз кылынбагандыгына карабастан 2019-жылдын 31- декабрында жалпы көрсөтүлгөн 236 миң сом акча каражаттарын ЖЧКнын банктык эсебине которушкан. ЖЧКнын жооптуу кызматкерлери тарабынан аталган иш-чаралары бүгүнкү күнгө чейин аткарылбастан, бул акча каражаттарын өздөрүнө ыйгарып, өз кызыкчылыктарына жумшап жибергенине жол беришип, мамлекетке 236 миң сомдук зыян келтиришкен.

Аталган факты 2022-жылдын 16-августунда Ноокат районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесине ишенип берген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу) квалификацияланып, 236 миң сом зыян толугу менен төлөнгөн.

Башка мисал, райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ноокат районунун жашоочусу Б. апасынын кан басымы көтөрүлүп, катуу ооругандыктан 2022-жылдын 1-мартында Жаңы-Ноокаттагы тез жардам кызматына телефон чалып, тез жардам кызматын чакырган учурда өз убагында келип жардам көрсөткөн эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 2022-жылы 18-мартта Ноокат районунун жалпы дарыгердик практикалык борборунун директорунун наамына сунуштама келтирилип, 5 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE