Пример HTML-страницы

«Мерседес» менен кичи автобус кагышкан учур видеого түшүп калган

Акыркы жанылыктар

Turmush9-февралда Чүй облусундагы Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунда эки унаа кагышып, 4 киши жабыркады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Ал эми Чүй ОИИБ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык Бишкек—Нарын—Торугарт ички жолунун 19,500-чакырымында болгон.

Аталган жолдон батыштан чыгышты көздөй «Мерседес Бенц С 220» үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта бара жаткан. Айдоочусу — 1991-жылы туулган А.У.К. рулга ээ боло албай, унаа карама-каршы тилкеге чыгып, «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.

Жол кырсыктын кесепетинен Кант шаарынын аймактык ооруканасына кайрылгандар:

— 1991-жылы туулган А.У.К. — «Мерседес-Бенц С 220» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу;

— 1978-жылы туулган Ж.Т.А. — «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу;

— 1949-жылы туулган А.А.А. — жүргүнчү;

— 1990-жылы туулган В.Э.Э. — жүргүнчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE