Пример HTML-страницы

«Кичи автобус менен сүзүп, башка тепкилеп өлтүрдүк»: Ак-Талаадагы айылда топ адам жырткычты жолуктурду (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылына бара жаткан жүргүнчүлөр унаа жолдон карышкырды кичи автобус сүзүп, өлтүрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Тал айылында спорттун эркин күрөш түрү боюнча машыктыруучу Чыңгыз Жамаловдун айтымында, 25-февраль күнү Баетов айылында эркин күрөш боюнча райондук мелдеш уюштурулуп, мелдештен соң Кош-Дөбөгө кетип бара жаткан агайлар Коңорчок айылынан өткөндөн кийин унаа жолдон карышкырды унаа менен сүзгөн.

Кош-Дөбө айылындагы эркин күрөш боюнча машыктыруучу Билимбек Асылбеков карышкырды айылдын жанынан эле сүзүп алышкандыгын айтты.

«Кечээ Баетовдо күрөш боюнча айылдар аралык мелдеш өткөн. Мелдешке Жолдубай Тасмаев байкенин «Мерседес Спринтер» үлгүсүндөгү унаасын айдатып барганбыз. Мелдеш кечинде бүтүп, кайра Кош-Дөбөгө келе жатканбыз. Коңорчок айылынан 1-2 мүнөттүк жол өткөндөн кийин же тактап айтканда, Үч-Аң деген жерден унаа жолдон алдыбызга түшүп алып карышкыр качты. Жолду грейдер менен сүрдүргөндө эки жагы бийик болуп, чыга албай унаанын алдына түшүп алып 100 метрдей аралык качты. Мен «байке сүзүңүз!» десем, Жолдубай байке газды болушунча басып барып туруп, сүзүп калды. Түшүп карасак, карышкыр чала жан экен. Башка тепкилеп, өлтүрүп салдык. Карышкырды Жолдубай байке алып кеткен», — деди Асылбеков.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE