Пример HTML-страницы

Кара-Суудагы №5172 шайлоо тилкесинде техникалык мүчүлүштүктөр орун алды

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush№49 Э.Тельман атындагы мектепте жайгашкан №5172 шайлоо тилкесинде техникалык мүчүлүштүктөр болду.

Келген шайлоочулар бир нече мүнөт бою добуш бере албай калышкан. Ал эми УШКнын мүчөлөрү серверди кайра жүктөй турганын билдиришти.

Аталган тилкеде 3948 шайлоочу катталган, саат 15:00гө карата 335 шайлоочу добуш берген.

Бүгүн эки шайлоо округунда — Ош жана Кара-Сууда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ош районунда 125 миң 469 шайлоочу, Кара-Суу районунда 112 миң 107 шайлоочу бар.

Шайлоо Ош шаарындагы 55 шайлоо участкасында, ошондой эле Ош облусу боюнча 62 шайлоо участкасында өтүүдө.

2021-жылы Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына Ош округунан Айбек Осмонов, Кара-Суу округунан Искендер Матраимов келген. Алар мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырышты. Эгерде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган депутат өз ыктыяры менен мандатын тапшырса, анда шайлоо өтөт. Бул тууралуу шайлоо мыйзамында айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE