Пример HTML-страницы

Чүйдө катуу сабалган окуучу баланын атасы кармалды. Үй-бүлө тууралуу эмне белгилүү?

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районунда атасы тарабынан сабалды делген бала убактылуу тайкесине берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасына президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева билдирди.

Анын айтымында, атайын комиссия түзүлүп, психолог дайындалды.

«Бала тарбиялуу экен, билими дагы жакшы, тартынбайт, баарлашканды жакшы көрөт. Өзүнүн ата-энеси тарбиялап жаткан, алардын 3 эркек баласы бар. Мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн биз жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Анын натыйжасында мугалим баланы байкап, дарыгерге айтты. Дарыгер милицияга, акимчиликке билдирди. Ыкчам иш жүргүзүлүп, окуя облустук өкүлчүлүктүн көзөмөлүнө өттү. Атасы боюнча милиция тергөө ишин жүргүзүп, 1 айга камакка алынды», — деди ал.

Жабырлануучу 6-класстын окуучусу. Анын үй-бүлөсү Москва районунун Беловодск айылында жашайт. Үй-бүлө толук кандуу үй-бүлө.

Буга чейин Чүйдүн Москва районунда өзүнүн баласын сабаган жаран кармалганы маалымдалган.

Облустук милициянын маалыматы боюнча, 6-мартта Москва РИИБге аймактык милиция кызматкери рапорт менен кайрылып, 12 жаштагы окуучу Д.К. атасы тарабынан катуу сабалганын билдирген. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (кыйноо) боюнча катталып, кылмыш иш козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Д.К.нын денесинде жаракаттар аныкталган. Аны атасы — 1989-жылы туулган Д.З. сабап жүргөн. Ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тиешелүү экспертизалар да дайындалган.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE