Пример HTML-страницы

Бостон айылында 42 үйдү жана мектепти суу каптап, балдар онлайн окуп жатышат (видео)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНоокен районунун Бостон айылында 42 турак жайды жана мектептин короосун кыян каптап, балдар онлайн билим алууда. Бул тууралуу №44 Малик Акчабаев атындагы мектептин директору Максуда Төрөгулова билдирди.

Анын айтымында ушул тапта селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.

«Кечээ сел биздин мектептин короосун да каптап калган. Бүгүн окуучулар, айыл аймактагы мекеме, ишканалардын кызматкерлери менен бирге тазалоо жумуштарын жүргүзүп жатабыз. Азыркы тапта мектепте билим алууга мүмкүн эмес. Мындан улам бүгүн балдар аралыктан билим алууда», — деди директор.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматына караганда, 22-апрель күнү катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, айылды суу каптап, 300дөн ашык кожолук коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Көчүрүлгөндөрдүн арасында Феруза Камалдинова да бар. Ал табийгат кырсыгы орун алганда 3 баласын алып коопсуз жайга качкан.

«Кечээ кечке жуук таанышым чалып, айылдын үстүндө сел жүргөнүн, үйдөгү документтерди алып, коопсуз жайга баруумду айтты. Мындан улам 3 баламды алып абысынымдын үйүнө бардым. Эртең менен үйүмө келсем короо-жайымды суу каптап, бастырмамды бузуп, үйгө жана ашкананын ичине суу кириптир. Азыр үйдү тазалап жатышат. Адистер келип үйдү дезинфекциялап, кудуктан суу ичпей турушубузду дайындады. Азырынча эмне кыларымды билбейм», — деди ал.

Феруза айыма сыяктуу үй-жайын кыян каптаган жашоочулар 10доп саналат. Сел Уулкан Турарбек кызынын да үйүнүн ичине чейин кирген. Азыр жергиликтүү тургундар куткаруучулар келгенге чейин тизеге чеиин суу баскан үйүнөн палас, төшөктөрдү эшикке алып чыгып, үйдүн ичин суудан тазалап жатат.

«Кечкисин суу ташкындап, дарбазанын алдынан кирип, үйдүн артынан дубалды тешип кириптир. Азыр 3 бөлмөлүү үйүбүздүн ичин тизеден суу каптап кеткен. Куткаруучулар келгенче өзүбүз сууну сыртка ташып төгүп, суу алдында калган палас, килемдерди алып чыгып жатабыз. Азыр эмне кыларыбызды билбейм», -Турарбек кызы.

Ушул тапта райондо штаб түзүлүп, жарандык коргонуу комиссиясы селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүп жатат.

Акыркы маалыматка караганда, кыян райондогу 42 үйдү каптаган. Анын ичинен сел суулары 3 үйдүн ичине кирген. Ноокен райондук ооруулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун сантардык дарыгери Бекбол Усубалиев азыркы тапта айылда жана ар бир үйдө залалсыздандыруу иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Анын айтымында, бул үчүн 12 жумушчу тартылган. Мындай жумуштар алдыңкы 1 апта бою жүргүзүлөт.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ноокен райондук бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Матназаров сөз болуп жаткан Бостон айылында селдин кесепеттерин жоюу үчүн жалпы 30дан ашык атайын оор техника тартылганын, жумушчулар тазалоо жумуштарын аткарып жатканын билдирди. Селдин кесепетинен адам өмүрүнө жана мал-жандыктарга зыян келген эмес.

——————————————————————

Буга чейин ӨКМ 22-апрелде катуу жааган жамгырдан улам Ноокен районунун Бостон айылында 42 турак жайды сел каптаганын билдирген.

Маалыматка караганда, сел 3 үйдүн ичине кирип, Бишкек—Ош унаа жолунун 510-чакырымында автоунаалардын өтүшүнө кыйынчылык жараткан. Аталган кырдаалды жоюу үчүн ыкчам топ тартылып, штаб түзүлүп жерине Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунан жана Таш-Көмүр, Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 122 куткаруучусу тартылган. Алар кооптуулук жаралган аймакта жашаган адамдарды коопсуз жайга эвакуацияланып, тактоо жумуштарын колго алышты. Жерине Жарандык коргонуу кызматтарынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 29 техника тартылып, убактылуу кооптуулук жоюлду.

Буга чейин селдену улам Ноокендин Эски-Кочкор-Ата айылында 300 үйдүн жашоочулары эвакуацияланып жатканы кабарланган.

Кечээ, 21-апрелде Жалал-Абад облусунда нөшөрлөп жааган жаандан улам кокту-колоттордон түшкөн сел суулары 68 үйдүн короо-жайын жана жер төлөлөрүн каптаган.

Табигат кырсыгынан Жалал-Абад шаарынын Дача-Тилек конушунун жана Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Комсомол айылынын жашоочулары жапа чеккен. Ушул тапта жеринде жарандык коргонуу бөлүмү жана куткаруучулар селдин кесепеттерин жоюу иш-аракеттерин көрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE